2021-жылдын 16-октябрында, «Сорос Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен МИКСТУРА арт-фестивалынын алкагында, Basicolors стрит-арт тобунун граффити боюнча сабагы болуп өттү. Иш-чарага ар башка тармактардан, искусстводон, медиадан, туризмден жана шаардык активдүүлүктөн келген адамдар катышты.

4 саатка созулган сабактын жүрүшүндө катышуучулар аэрозолдук боёк менен сүрөт тартуунун ар кандай ыкмаларын үйрөнүп гана тим болбостон, граффитинин өнүгүү тарыхы, анын дүйнөдө жана өлкөдө болгон заманбап тенденциялары менен таанышышты. Ошондой эле иш-чаранын аягында алар толук түстүү граффити түзүү боюнча практикалык тапшырманы аткарышты.

Өткөн  мастер-класс МИКСТУРА арт -фестивалынын бир бөлүгү болуп эсептелет, ошондой эле Бишкек шаарында жаңы чыгармачыл коомдук мейкиндикти түзүү долбоорунун уландысы.

Эске сала кетсек, ушул жайда Бишкекте көчөдөгү биринчи стрит арт галереясы пайда болгон. Бул коомдук мейкиндик шаардык чыгармачыл жамааттардын өкүлдөрүнүн жолугушуулары жана кызматташуусу үчүн ачылган.

МИКСТУРА фестивалы декабрга чейин уланат жана дагы 11 иш -чараны даярдайт.