Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата «Сорос-Кыргызстан» фонду 2021-жылдагы “Маданиятты модернизациялоонун чекиттери” изилдөөсүнүн негизги сунуштарын белгиледи. Анализдин негизги максаты Кыргыз Республикасындагы маданияттын калыптанган практикасын жана түшүнүгүн аныктоо, өлкөнүн ар кайсы шаарларындагы чыгармачыл адамдардын баарлашуунун даражасын жана кеңдигин, биргелешкен иш-аракеттерге жөндөмдүүлүгүн баалоо болгон.

Изилдөө негизинен Кыргызстанда маданият жана искусство чөйрөсүнүн активдүү өкүлдөрүнүн Кыргызстанда жашаган элдеринин көп түрдүү маданий мурастарын сактап келүү жана өнүктүрүү тажрыйбасына шарт жок экендигин көрсөттү.

Ошондой эле маселени изилдөөнүн жүрүшүндө маданияттын ар тараптуулугу, байлыгы мамлекет тарабынан жөнөкөйлөштүрүлүп, азайтылып жатканы белгилүү болду. Ошондой эле кыргызстандын маданияты бир гана кыргыз улуттук маданият түшүнүгү менен чаташтырылганы жөнүндө белгиленет.

«Маданият чөйрөсүндө көп деңгээлдүү жана комплекстүү байланышты өнүктүрүү зарыл экенин көрдүк. Интеллигенциянын, философтордун, изилдөөчүлөрдүн жана маданият кызматкерлеринин ортосундагы диалогду түзүү абдан маанилүү, анткени интеллектуалдык жана чыгармачылык түшүнүү, билимди жана тажрыйбаны актуалдаштыруу Кыргызстан үчүн маанилүү өнүгүү потенциалын алып келет”, — деп белгилешет изилдөөнүн авторлору Александра Филатова жана Виктория Юртаева.

Изилдөө жөнүндө сөз кылып, авторлор өлкөдөгү көйгөйлөрдүн чечилишине жана маданият менен искусствонун өнүгүшүнө оң таасирин тийгизе турган жети негизги корутундуларды жана сунуштарды санап чыгышты:

  1. Искусствону жана маданиятты өнүктүрүү идеясын алдыга жылдырган активдүү жарандардын жергиликтүү демилгелерин колдоо абдан зарыл. Анткени мамлекеттик деңгээлде саясий турмуштун туруксуздугунан улам стабилдүү институттук эстутумду калыптандыруу мүмкүн эмес.
  2. Чыгармачыл класстын медиа сабаттуулугун жогорулатуу, коммуникациялык демилгелерди уюштурууга көмөк көрсөтүү.
  3. Калыпташкан көз караштарды кайра карап чыгуу жана өзгөртүү. Мамлекеттик менчикте турган коомдук жайлардын, маданият мекемелеринин (музейлер, китепканалар, театрлар, маданият үйлөрү, музыкалык жана искусство мектептери) жеткиликтүүлүгү, кайра иштеши боюнча жергиликтүү жамааттар жана тар багыттагы адистер менен биргеликте иш алып баруу.
  4. Чыгармачылыкты сүйгөн адамдарды жана активисттерди колдоо. Уюштурулган өз алдынча ышкыбоздук кружоктор социалдаштыруунун маанилүү формасы (мисалы, карылар үчүн этникалык хорлор же өспүрүмдөр үчүн көркөм сүрөт ийримдери) экенин түшүнүү керек. Алар кландык жана туугандык мамилелерге негизделбеген социалдашуу үчүн маанилүү прецедентти түзүшөт.
  5. Этникалык же социалдык жамааттар жана азчылыктардын жамааттары менен иштөөгө маани берүү. Аялдардын, диний же этникалык азчылыктардын жамааттары эгерде салттуу практиканын алкагында иш алып барышбаса, мамлекет тарабынан колдоо (финансылык, инфраструктурага жетүү) ала алышпайт. Аларды өз маданиятын өнүктүрүп, искусство аркылуу көрсөтүүдөн же маданий баалуулуктарга таандык экенин сезүүдөн ажыратуу радикалдашуу үчүн коркунучтуу потенциалды алып келиши мүмкүн. Буга маданият менен искусствону өнүктүрүүнүн алкагында гана эмес, тынчтыкты сактоо жана чыр-чатактарды болтурбоо программаларынын алкагында да көңүл буруу маанилүү.
  6. Маданиятты түшүнүүнү диверсификациялоодо жана өз аралык байланыштарды чыңдоодо маданият мекемелери менен мындан аркы иш алып баруу үчүн искусство ишмерлери менен кызматташууну да түшүнүү зарыл. Мисалы, Россотрудничество, Швейцария Фонду, Британ Кеңеши сыяктуу эл аралык фонддор жана элчиликтердин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн маданий борборлору Кыргыз Республикасында өз өлкөсүнүн маданият күндөрүн өткөрүп, алардын маданиятын чагылдырган көркөм чыгармаларды же музыкалык топторду алып келишет. Ошондой эле кыргызстанда жашаган маданият кызматкерлерине стипендия жана гранттык программалардын алкагында колдоо көрсөтүшөт.
  7. Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, бирок маданият жана искусство ишмерлери жашап жана иштеген аймактарда тажрыйбаларды жайылтуу жана тереңдетүү. Анткени, ар бир маданий чөйрөдө маданиятты ар кандай түшүнүү, ошого жараша искусствону ар кандай түшүнүү, искусствонун түрлөрүнө карата ар кандай эстетика жана мамиле болот.