2021-жылдын 6-ноябрынан баштап бишкектиктер шаардын тарыхында боло турган биринчи санариптик спектаклге күбө болушууда. МЕСТО Д театры «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен өзүнүн эң тайманбас идеясын – «Мендеги шаар» санарип спектаклин тартуулады. Жаңы технологиялык шоу Кыргызстанда октябрдан 2021-жылдын аягына чейин өтүүчү МИКСТУРА арт-фестивалынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

«Мендеги шаар» бул көрүүчүлөрдү аудио баяндын жаңы форматына батыра турган колдонмодогу спектакль.

«Биз театр катары 15 жылдан бери жаңы тенденцияларды киргизип, жаны ойлорду жаратып келе жатабыз. Быйыл МИКСТУРА фестивалынын алкагында таптакыр башка форматты сынап көрүүнү чечтик», — дейт МЕСТО Д театрынын жетекчиси Александра Багдасарова. «Бул жолу да биздин оюбузча таң калыштуу бир идеяны ойлоп таптык жана биздин аткарууну атайын иштелип чыккан тиркеме аркылуу телефонго өткөрүүгө аракет кылдык».

Александранын айтымында, коронавирустук пандемия менен байланышкан глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында, адамзат толугу менен обочолонуу жана социалдык алыстоо сыноосуна туш болгондо, театрдын чыгармачыл тобу жаңы санариптик идея менен эксперимент жасап, өз өнөрүн түз мааниде «санариптештирүүнү» чечти.

Премьера 6-ноябрда саат 15.00дө болуп өттү. Көрүүчүлөр, бул убакытта шаардын «Нөлүнчү километринде» (Ала-Тоо кинотеатрынын жанында) чогулушуп смартфондору аркылуу спектаклге катышышты.

Иш-чара «Сорос-Кыргызстан» уюмунун колдоосу менен МИКСТУРА искусство фестивалынын алкагында өтүүдө. Бул фестивал коомчулукту Кыргызстандагы искусствонун альтернативдүү түрлөрү менен таанышууга үндөп, ошону менен өлкөдөгү маданий көп түрдүүлүктүн өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт.