Феминисттик искусство музейи МИКСТУРА арт-фестивалынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен аялдарга карата зомбулук көйгөйлөрүнө арналган көргөзмөнү Ош шаарында өткөрүүдө.

«Дубал: аялдар жана адилеттүүлүк» көргөзмөсүндө Кыргызстандын, Беларустун, Литванын, Украинанын, Өзбекстандын сүрөтчүлөрүнүн бүгүнкү реалдуулукта аялдардын эркиндиги, укуктары жана коопсуздугу темасын чагылдырган эмгектери коюлган. Ошондой эле көргөзмөдө Ош шаарынын сүрөтчүсү Гүлнафис Мергенбаеванын эмгектери биринчи жолу көрсөтүлүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучулары Алтын Капалова, Оксана Капишникова жана Жылдыз Талантбек кызы коомчулукту аялдарга карата зордук-зомбулуктун тереңдеп кеткен системасы жана анын өлкөбүздун жүзүндө өскөн масштабы тууралуу ойлонууга чакырат. Бул көргөзмөнүн негизинде маанилуу суроолордун арасында: «Кыргызстанда жашаган аялдар кайсыл жерде өздөрүн коопсуз сезишет? Үй дубалдарынын, иш дубалдарынын, милиция мекемесинин дубалдарынын же сот дубалдарынын аркасандабы? Эмнеге Бурулай милициянын дубалында өлдү? Эмне үчүн аялдар сот дубалында акыйкаттык таппайт? Кыргызстанда аял өлтүрүүнү токтотуу үчүн кандай дубалдарды бузуу керек?” деген кайрылуу катары чакырыктар сунушталат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде аял киши өлтүрүлгөн «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш иши козголгон деп айтылат. Бул киши өлтүрүүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү эркектер тарабынан кылынган же санап келгенде орточо эсеп менен ондон сегизин түзөт. Ошол эле учурда аялдар аялдарды да, эркектерди да өлтүргөндөрдүн чогуу алганда 10%га жакынын гана түзөт.

Көргөзмөнүн өтүүчү жери: Ош облустук көркөм сүрөт музейи Сыдыкова Т
Дареги: Көл-Өнөрчүлөр (мурдагы Алибастров) 31 көчөсү
Иш-чара күндөрү: 22-ноябрдан 10-декабрга чейин
Музейдин иштөө убактысы: 9.00 — 17.00 тыныгуусуз жана дем алышсыз