2021-жылдын 8 жана 9-декабрында – «Сорос-Кыргызстан» фондунун укуктук программасынын колдоосу менен Улуттук тармак жана «Адам, Укук, Эркиндик» КФ жана МКЮЖ БК тарабынан Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн онлайн форматта квиз-оюну өткөрүлөт. Интеллектуалдык таймаштын суроолору кыргызстандыктарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) жөнүндөгү темасына арналат.

Оюндун негизги максаты — бул жаштарга адам укуктары жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамы тууралуу маалымат берүү болуп саналат. Оюндун жүрүшүндө катышуучуларга викторина, МКЮЖ жөнүндө флешмоб өткөрүшөт, ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган тематикалык видеороликтердин үстүндө иштешет, алардын иштерин көз карандысыз жюрилер баалайт.

«Мындай иш-чаралар аркылуу жаштарды тартуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын калкына юридикалык кеңеш алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө оң салым кошо алат деп ишенебиз», — дейт Арапова Эльмира Байышевна, «Адам, Укук, Эркиндик» Коомдук Фондунун директору.

Оюнга төмөнкү ЖОЖдордон 180 студент катышат: Кыргыз-Орус Славян университети, Заманбап эл аралык университети (Жалал-Абад), Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети (Жалал-Абад), Ош мамлекеттик юридикалык институту, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети, Ош мамлекеттик университети, Ысык-Көл мамлекеттик юридикалык институту, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети.

Иш-чаранын уюштуруучулары квиз-оюнунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо эки этапта болорун билдирди. 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата Бишкектин командаларына сыйлыктар берилет. «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам: өз укугуңду бил!» аттуу регионалдык конференциялардын жүрүшүндө, түштүк региондордун ЖОЖнын командаларына 14-декабрда Ошто жана 15-декабрда Жалал-Абадда сыйлыктар тапшырылат.

Бардык жеңүүчүлөр атайын жасалган статуэттер жана медалдар менен сыйланат, ошондой эле «Раритет» китеп дүкөндөрүнөн китеп сатып алуу үчүн акчалай сертификаттарга ээ болушат.

Ошондой эле, 2021-жылдын 8-9-декабрында университеттер аралык интеллектуалдык таймашты көрүүнү каалагандар үчүн уюштуруучулар Facebook баракчасына түз эфирди туташтырат: «КРда МКЮЖ өнүктүрүү үчүн» Улуттук тармагы — https://www.facebook.com/koalitsiya. ggup/Саат 10до башталат.