17-декабрда саат 19:00дө Бишкекте «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Мени ала качышты» аттуу 360 градустук панорамалык тасмасынын бет ачары, ошондой эле кыргыз тилиндеги феминизм боюнча онлайн курстун презентациясы «MediaJasa» долбоорунун алкагында болуп өтөт.

Тасманын автору, үн режиссеру жана медиа-продюсер Сергей Каргин айткандай, «Тасма Кыргызстандагы ала качуу боюнча кейиштүү теманы козгойт. Бул мажбурлап турмушка берүү үчүн ала качып кеткен кыздын жашоосунан бир эпизод. Кошумчалай кетсек, тасма өзүнүн форматы боюнча уникалдуу жана көрүүчүлөр башкы каармандын жашоосун кошумча виртуалдык чындык форматы үчүн көз айнектеринен көрө алышат».

10 мүнөттүк тасма көрсөтүлгөндөн кийин катышуучулар феминизм теориясы, анын тарыхы жана негизги максаттары боюнча онлайн сабак өтүшөт. Бул феминизм темасына арналган курсту анын автору юрист, активист, подкастер Эльвира Тилек алып барат.

Сергейдин эксперименталдык тасмасы жана Эльвиранын презентациясы «MediaJasa» долбоорунун алкагында жасалууда. Долбоор жарандык баалуулуктар жана эркиндиктер боюнча дискурс түзүүгө багытталган мультимедиялык демилгелерди колдойт. Аткарылган медиа-долбоорлор тууралуу кененирээк MediaJasa @mediajasa.kg Instagram аккаунтунан биле аласыз. Долбоор IDEA Central Asia тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Иш-чарага катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу катталуу керек: https://o15hvpsx4tf.typeform.com/to/Mfmv7EAZ.
Дареги: «Home Bar» кафеси, Ч.Айтматов проспекти, 90.

Бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Саида Нуралиевага кайрылсаңыздар болот: +996 779 696 995, snuralieva@idebate.org.