Баарыңарга салам! Эгерде сиз өлкөбүздүн айылдарынан же шаарларынан блогер, журналист, акын, урбанист, эколог, сүрөтчү, музыкант, башталгыч укук коргоочу, арт-активист, коомдук лидер болсоңуз, анда ушул жайда сизди Oilon Camp иш-чарасына чакырабыз.

Oilon Camp бул…
⭐️ Чыгармачылык жана кызматташуу аркылуу адам укуктары темасына аралашуу
⭐️ Коомдук демилгелер, укук коргоо, медиа, урбанистика, экология, арт-активдүүлүк жана башкалар жөнүндө мастер-класстарга жана иш-чараларга толгон программа
⭐️ Кыйын, атагы чыкканэл аралык жана жергиликтүү эксперттер менен иштөө
⭐️ Ысык-Көлдүн жээгинде 5 күн

Биз биргеликте адилеттүү коомго умтулуу үчүн ойлонобуз, жаңыланабыз жана өз добушубузду табабыз. Бардык иш-чаралар кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

Катышуу шарттары:

  • 21 жаштан жогору Кыргызстандын активдүү жараны болуу
  • Коомдук олуттуу көйгөйлөрдү илгерилетүүгө болгон каалоо, анын ичинде социалдык тармактарды жана жаңы технологияларды колдонуу менен
  • oilon.soros.kg сайтында өтүнмөнү кыргыз же орус тилинде 15-июнда, 18.00 чейин толтуруу

Видео-анкеталардын негизинде 50 эң мыкты өтүнмө тандалып алынат. Өтүнмөлөрдүн жеңүүчүлөрүнө гана электрондук дарек боюнча 2022-жылдын 30-июнуна чейин кабарланат.

Тапшырыңыз жана жаңылыкты досторуңуз менен бөлүшүңүз!