Лайктарды чогултуп гана койбостон, дүйнөнү жакшырткан сонун контентти жасагыңыз келеби? Анда Ойлон Кэмп сиз үчүн.

4 күндүн ичинде сиз көптөгөн идеяларды, тажрыйбаны, колдоону жана келерки жылга жете турган жаңы байланыштарды түзүп аласыз!

Төмөндө биз талкууларыбызда жана семинарларыбызда камтый турган көптөгөн темалардын бир нечесин гана тизмелейбиз:

  • ТикТоктун Баатырлары: кызыктуу гана эмес контентти кантип жасоо керек
  • Активисттер жана сүрөтчүлөр үчүн импровизация: мүмкүнчүлүктөрдү кантип пайдалануу жана ката кетирүүдөн коркпоо
  • Креативдүү идеялар кайдан пайда болот: социалдык жарнама боюнча адистерден үйрөнүү
  • Окуя же сторителлинг: адамды күчтүү жана боорукер кылган окуяларды кантип айтып берүү керек
  • Социалдык мазмунга акчаны кайдан тапса болот: краудфандинг семинары
  • Камеранын алдында иштөө: профессионалдар менен операторлордон мастер-класс
  • Нөл бюджети менен коюлган көчө спектаклдери: бүткүл шаар байкай турган жарнаманы кантип жасоо керек

Кыргызстандын эң мыкты спикерлерин чогултуп, башка өлкөлөрдөн тажрыйбалуу, кыйын конокторду алып келебиз. Бул кызыксыз болбойт, убада беребиз.

Орундардын саны чектелүү, сынактык тандоо болот. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтүн өткөрүп жибербеңиз — 15-июнга чейин! Анкетаны oilon.soros.kg сайтынан толтурсаңыз болот.