Биздин урматтуу өнөктөштөрүбүздү, “Рука в руке (Колдон колго)” аттуу аутизми бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин 10 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз!

Бул коомдук бирикме 2012-жылдан бери ата-энелердин демилгеси менен иштеп келе жатат жана аутизми бар балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат көрсөтүүгө багытталган. 10 жылдын ичинде нөлдөн баштап, уюм майып балдар менен иштөө жаатындагы алдыңкы бейөкмөт уюмдардын бирине айланды.

Мындан 5 жыл мурун Бишкек шаарынын мэриясы мурунку бала бакчанын имаратынын бир бөлүгүнө 640 чарчы метр жай бөлүп берген. Ал Гапар Айтиев көчөсүндөгү, номур 2/1-үидө жайгашкан. Учурда анда 2 жаштан 18 жашка чейинки аутизми бар балдарды абилитациялоо борбору бар.

Бүгүнкү күндө бул борбордо илимий жактан далилденген ыкмаларды колдонгон 10 атайын программа иштейт. Алардын көбү Кыргыз Республикасында биринчи жолу пилоттук түрдө киргизилген жана коомдук бирикменин өзү тарабынан ишке ашырылган. Аларга прикладдык жүрүм-турум анализи, JASPER, PECS, сенсордук интеграция, интенсивдүү өз ара аракеттенүү жана башкалар сыяктуу ыкмалар кирет.

Мындан тышкары, «Колдон колго» уюму өзгөчө балдардын ата-энелерин окутуу үчүн бөлмө жайларды ижарага алып («Үй-бүлө жана бала» аттуу 240 сааттык программасын өткөрүү үчүн), андан тышкары аларга психолог да жардам берет. Бул жыл ичинде уюм ата-энелер үчүн 1200дөн ашык жеке консультацияларды өткөрдү, ошондой эле 350 үй-бүлө үчүн балдардын көйгөйлүү жүрүм-туруму менен иштөө боюнча 40 сааттык тренингден өтүштү.
Күн сайын 75 бала менен 27 адис иштейт.

10 жыл ичинде 843 балага абилитациялык кызмат көрсөтсө, анын 159у ар кандай окуу жайларга барышкан. Мындан 8 жыл мурун Кыргыз Республикасында аутизми бар балдар, билимсиз деп табылган.

Борбордун адистери балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен гана иштебестен, башка борборлорго, дарыгерлерге, мугалимдерге жана социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине психикалык жактан жабыркаган, анын ичинде аутизми бар балдар менен байланышкан маселелер боюнча аймактарда дайыма тренингдерди жана консультацияларды өткөрүп турушат. Ар түрдүү долбоорлордун алкагында 60 семинар өткөрүлүп, аларга 900дөн ашык кызматкер катышты.

Аутизмдин белгилери боюнча активдүү маалыматтык иш-чаралардын аркасында уюм жардам сурап кайрылган балдардын жашын 2017-жылдагы 8-10 жаштан бүгүнкү күндө 2-3 жашка чейин бир топ кыскартууга жетишти. “Колдон колго” бейөкмөт уюмунун адистери ASD (Аутизм спектринин бузулушу) боюнча клиникалык протоколду иштеп чыгууга катышты. Анда Саламаттыкты сактоо министрлиги аутизмди коррекциялоонун эл аралык практикасын таанып, дарыларды колдонуудан баш тартты.
Азыркы тапта борбордун 2 филиалы бар: Каракол шаарында жана Тоң районунда. Аларга ар кандай диагноздор менен, анын ичинде 40тан ашык аутизми бар балдар кайрылышат.

Уюм ошондой эле майыптуулук маселелери боюнча жаңы жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгууга активдүү катышат.
Борбордун бардык иш-чаралары (адистерди даярдоо үчүн адистерди чакыруу, эмеректерди, окуу жана оюн-зоок каражаттарын сатып алуу, оңдоо, методикалык материалдарды басып чыгаруу ж.б.) долбоорлор жана кайрымдуулук жардамдары аркылуу ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн ата-энелерден түшкөн кошумча төлөмдөр адистердин акысын төлөө үчүн гана колдонулат.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду 2014-жылдан 2019-жылга чейин 6 (алты) долбоордо биргелешкен күч-аракетти жана ийгиликтүү кызматташууну айкалыштырганы үчүн «Колдон колго» командасына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Сиздин эмгегиңиз бардык кыргызстандыктар үчүн маанилүү, анткени уюмдун 10 жылдан бери жасап жаткан иштери жашоону өзгөртүп, Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүүдө.

Командаңызга өнүгүү, алдыга жеңил жана тоскоолдуксуз кыймыл, жаңы жеңиштерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз!