«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда Кыргызстанда жаңы медиа демилгелерди өнүктүрүү боюнча «MediaJasa» конкурсунун уюштуруучулары 17-19-июнда “Ала-Арча” улуттук паркында өткөн «Boost Camping 2022» көчмө окутуучу программасын өткөргөндөн кийин аныктады.

252 катышуучунун ичинен конкурстун биринчи этабынан өтүп  жарым финалга чыккан 20 катышуучу интенсивдүү окушту жана медиа чөйрөсүндөгү чакырылган эксперттер жана кесипкөйлөр менен биргеликте иштеди. Үч күндүн ичинде программанын катышуучулары тарабынан экспресс-лекциялар, мастер-класстар жана панелдик сессиялар берилди. Мунун баары конкурсанттарды популярдуу видео үчүн контент жасоону, кызыктуу баяндарды жазууну, журналисттик иликтөөлөрдү үчүн тема табууну, ошондой эле дизайн-ойлонуу, долбоордук менеджмент жана кызыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу техникасын колдонууну үйрөтүү негизги максатында уюштурулган.

Boost Camping 2022 үчүнчү күнү бардык 20 катышуучу өз идеяларын жана медиапродукттарын тандоо комиссиясына сунуштады. Презентациянын жыйынтыгында 9 мыкты долбоор андан ары финансылык жана ментордук колдоо үчүн тандалып алынды:

  1. Эркайым Алиева: кыргыз тилин даңазалоо жөнүндө
  2. Найзабек Мукамбетов: кыргыз салттары жөнүндө
  3. Азиза Мурзашова: балдар жана аларды тарбиялоо өзгөчөлүктөрү жөнүндө
  4. Зарина Богачиева: шашылыш алгачкы жардам жөнүндө
  5. Таштанова Айжана: көз карандысыз ЖМКларды өнүктүрүү жөнүндө
  6. Айзирек Эркебаева: феминизм жана аялдардын жана кыздардын укуктары жөнүндө
  7. Абай Айтбай: 00-музыка тууралуу документалдуу тасма
  8. Калиева Беназир: феминизм жана аялдардын жана кыздардын укуктары жөнүндө
  9. Камбарали кызы Гулназ: региондук ажырымды жеңүү

Бул саналган долбоорлор 2022-жылдын июлунан ноябрына чейин ишке ашырылат. Сунушталгандардын ичинде конкурстун жеңүүчүлөрүн толкунданткан аялдардын укуктары, ар түрдүү региондордогу маалыматка бирдей жетүү, саламаттык сактоо, искусство жана тарых сыяктуу темалар бар. 2022-жылдын ноябрында бардык катышуучулар белгилүү блогерлер жана инфлюенмерлер менен бирге долбоорлордун жыйынтыктарын бөлүшүү үчүн фестивалда жолугушат.

Финалисттердин бири Абай Айтбайдын айтымында, бул ал үчүн чоң түрткү болду. «На Boost Camping” ынтымактуу жана ыңгайлуу атмосфера болду, мунун натыйжасында мажбурлап бириктирүүнү сезген жокмун, көптөгөн санаалаштарды жолуктурдум, жаңы жумушчу инструменттерди өздөштүрдүм жана өз долбоорумду жакшырттым”, — деп бөлүштү Абай.

IDEA Борбордук Азиянын аткаруучу директору Айзат Рсуланова MediaJasa ар бир агымы абдан шыктандырарын белгилейт. “Бул жылы балдар Кыргызстандын булуң-бурчунан ар түрдүү идеялары менен чогулушту. Бардыгында кызыгуу, өзгөртүү жана өзгөрүү каалоолору бар. Балдар элдик каада-салт, үрп-адаттардан тартып жаңы медианы өнүктүрүүгө чейинки иш жүзүндө бардык чөйрөнү камтышты”, — дейт ал.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун «ЖМКлардын өнүктүрүү» программасынын координатору Салима Капардын пикиринде MediaJasa демилгелери – бул өлкөнүн ар түрдүү регионунунан келген активисттер үчүн аянтча. “Жаңы медианы пайдалануу менен социалдык маанилүү креативдүү контентти жаратууда жана кийин бул темада дискурс жаратуу менен кесипкөй менторлор менен катышуучулардын ортосундагы кызматташтык жана тажрыйба алмашуу жүрүүдө” – деп бөлүшөт Салима.

MediaJasa жарандардын баалуулуктары жана эркиндиктери жөнүндө маселелер боюнча дискурс түзүүгө багытталган мультимедиалык долбоорлорду жана демилгелерди колдойт, мисалы, феминизм, теңдик, жарандык активизм, саясий сабаттуулук, активдүү жашоо образы, экоактивизм, лайфмтайлинг жана башкалар.

Иш-чарадагы сүрөттөрдү долбоордун Instagram-баракчасынан  https://www.instagram.com/mediajasa.kg/ табууга болот.

Бардык маселелер боюнча MediaJasa координатору Саида Нуралиевага кайрылууга болот:
+996 779 696 995
snuralieva@idebate.org