БААУ илимий кызматкерлери Наталья Аленкина жана Динара Асанбаева «Арбитраждагы коррупцияга бөгөт коюу: нөлдүк толеранттуулуктун принциптерин имплентациялоо» аттуу изилдөө долбоорунун натыйжаларын сунушташты, ал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда жүргүзүлгөн.
Долбоордун авторлору белгилегендей, негизги корутундулардын бири катары Кыргызстандагы арбитраж инстуционалдык жактан алсыз өнүккөндүгү жана коррупциялык тобокелдиктерден корголбогондугу болуп саналарын белгилешти. Изилдөөдө ак ниет башкаруунун стандарттары институттар тарабынан колдонулбайт, чечимдер жабык эшик артында кабыл алынат, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн кызыкчылыктары эске алынбайт, ошондой эле арбитраждык коомчулуктун жетектөөчү эл аралык практикасын иликтөө байкалбайт.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө бейтарап сот мамлекеттик соттордо коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүнүн негизги альтернативасы деп таанылган, ал тургай эл аралык контракттардын 90 пайызы арбитраждык эскертмелерди камтый тургандыгы байкалат. Өлкөдө бейтарап сотторго кайрылуулардын саны жыл сайын өсүүдө. Арбитраж аркылуу талаш-тартыштарды тез, купуя жана жыйынтыктоочу чечүү мүмкүндүгүнөн улам кыйла жайылууда. Ошол эле учурда сот системасы жарандык иштер боюнча талаш-тартыштарды чечүү үчүн мындай шарттарды сунуштай албайт.
Transparency International коррупцияны кабыл алуу индексине ылайык, Кыргызстан 2012-жылдагы позициясын 7 баллга гана жакшыртып, 31 балл менен 124-орунду ээлеген. Дүйнөлүк банктын рейтингинде Кыргызстан коррупцияны контролдоо жаатында дагы прогресстин төмөнкү деңгээлин көрсөтөт: 2010-жылы 10,5 баллдан (100дөн)
2020-жылы 12,9 баллга чейин. Андан тышкары, 2015-2016-жылдар үчүн глобалдык атаандаштык жаатындагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун отчетуна ылайык, Кыргызстандын сот системасындагы коррупция бизнес үчүн кыйла жогору тобокелдиктердин бири болуп саналат.
«Бул жагдайда арбитраждык институттар талаш-тартыштарды көз карандысыз, кесипкөй, ак ниет, коррупциясыз чечүүгө болорун далилдөөгө жана мамлекеттик соттун анык альтернативасы болууга мүмкүнчүлүгү бар. Бейтарап соттор «Алардын алдында турган бир кыйла кеңири коомчулуктун жана тараптардын ишенимине ээ болууга тийиш», – дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Арбитраждык соттун арбитри, Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын (Париж) Арбитраждык сотунун мүчөсү Наталья Аленкина.
Кыргызстанда төрт бейтарап сот катталган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Соода өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык Бейтарап соту (СӨП ЭБС) салыштырмалуу узак тарыхы бар. 2004-жылдан тартып СӨП ЭБС улуттук жана чет элдик тараптардын катышуусу менен 1000 ашык иш каралган, ал эми каралган талаш-тартыштардын жалпы суммасы 6 миллиард кыргыз сомунан ашкан.
Изилдөөнүн авторлору белгилегендей, өлкөдө арбитражды ийгиликтүү өнүктүрүүнү жана илгерилетүүнү камсыздоо үчүн Кыргызстандагы бейтарап соттор коррупцияга каршы аракеттенүү үчүн талаш-тартыштарды тескөөдө жана чечүүдө айкындуулукка жана нөлдүк чыдамдуулук саясатына (zero tolerance) умтулууга тийиш. Коррупциогендик факторлор жана тобокелдиктер Кыргызстандагы коррупциянын системалуулугун жана жайылтылгандыгын эске алып, арбитраждык институттардын ишин тыгыз коштоп келген жана коштой берет.
Бул изилдөөнүн авторлору иштелип чыккан сунуштамалар өз ишинде коррупциянын алдын алууга жана нөлдүк толеранттуулукка умтулган, ийгиликтүү, ак ниет башкарылган арбитраждык институттардын өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенет. Изилдөөнүн шилтемеси: https://soros.kg/wp-content/uploads/2022/08/corruption-in-arbirtration.pdf