«ISOC Интернет коомунун кыргыз бөлүмү» Internet Society Kyrgyzstan Chapter коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдар (КЭМ) сектору, жарандык активисттер жана журналисттер үчүн “Жарандык коом үчүн Tech” киберкоопсуздук боюнча форум өткөрөт. Иш-чара «Tech4Society» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында 20-сентябрда өткөрүлөт.

Форумдун негизги максаты Кыргызстандагы жарандык сектор жана журналисттер үчүн кибер-колсалуу менен күрөшүү боюнча жардам борборунун (CERT) баяндамасы, маалыматтык жана санариптик коопсуздук менен таанышуу, Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү азыркы кырдаалды талкуулоо, ага каршы аракеттенүү боюнча тенденциялар жана чаралар болуп саналат. Форумдун катышуучулары өзүн кантип коопсуз кылуу жана Интернеттеги алдамчылыктан качуу керектигин билишет.

«Бүгүн Баткен жана Ош облустарында болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстан үчүн киберкоопсуздук маселеси болуп көрбөгөндөй курч абалда турат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кагылышуу жөнөкөй курал менен гана эмес, санариптик форматта да жүрүп жатат. Анын кесепети ар бирине тийиши мүмкүн», – дейт «Tech4Society» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев.

Кыргыз Республикасы акыркы жылдары киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча (КР УКМК Координациялык борбору, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу CERT, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттик түзүлдү) кадамдарды жасоодо жана анда мамлекеттик органдар гана кибер-кагылышууда жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бирок, жарандык коом корголбогон бойдон калууда жана жашыруун маалыматтарды жоготуу, жеке баракчаларды бузууга кабылуу менен кибер-кагылышууну улантууда. Акыркы жылдары санариптештирүүнүн өнүгүүсү менен киберкылмыштуулуктун саны да өсүүдө. Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда орточо күнүнө киберколсалууга 20 жакын кыргызстандык сайттар кабылат. Маалымдуулуктун аздыгы жана кесипкөй эксперттердин жетишсиздиги кибер-кагылышуулардын санынын өсүшүнө жана жеке маалыматтардын жоголуусуна алып келүүдө.

Атайын чакырылган эл аралык жана улуттук спикерлер учурдагы киберкылмыштар жөнүндө көрсөтүп жана айтып беришет. Мисалы, кара ниет бузуучулар интернет-сайтка чыгарган DDOS кол салуудан кантип коргонуу жана катардагы башка маанилүү ресурстарды коргоо керек же маалыматтык чагымчыл, жалган жаңылыктар менен кантип күрөшүү керек. Ошондой эле катышуучулар киберкоопсуздук чөйрөсүндө практикалык кеңештерди жана азыркы кырдаалда актуалдуу болгон башка пайдалуу маалыматтарды алышат.

Иш-чаранын жүрүшүн төмөнкү шилтеме боюнча көрүүгө болот:

https://www.facebook.com/events/1236559813830435/

For privacy reasons YouTube needs your permission to be loaded.
I Accept

 

📍 Форумдун орду жана убактысы: Бишкек ш., Манас 16, Novotel,
2022-жылдын 20-сентябры, 9.00дөн 16.00гө чейин.

Форум тууралуу толук маалымат Instagram-да долбоордун баракчасында шилтеме боюнча: https://www.instagram.com/tech4society/

 Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: «ISOC Интернет коомунун кыргыз бөлүмү» Internet Society Kyrgyzstan Chapter коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» Фондунун (СКФ) көмөгүндө санариптик коопсуздук маселелери боюнча активисттерди, журналисттерди жана жарандык секторду колдоо үчүн «Tech4Society» долбоорун ишке киргизген.

 Tech4Society — жарандык секторду, активисттерди жана журналисттерди колдоо үчүн атайын түзүлгөн санариптик коопсуздук көйгөйлөрүнө тез жооп кайтаруу боюнча акысыз сервис.

 Кошумча маалымат алуу үчүн телефондор: +996990590990 (Эркинай).