V Кыргызстан Жарандар Форуму: Жарандуулук талабы
Жарандык коомдун алдында турган көйгөйлөрдү, чакырыктарды, алдыга жылуу жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн талкууга арналган күндүн эң маанилүү төрт темасы:
- Бүгүнкү күндөгү жарандуулук: симптомдор, диагноз, эскертмелер;
- Жарандуулук билими;
- Жарандуулук жана мамлекет;
- Эркиндик, укук жана демократия.
Форум диалог түзүүгө, бири-бирин угууга, альтернативалык идеяларды талкуулоого, ошону менен бирге коомдун алдында турган ар кандай чакырыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн маани маңызын, табиятын түшүнүүгө багытталат.
Убактысы: 19-ноябрь, 2022-жыл, 9:00-18:00
Дареги: Билимкана билим берүү мекемеси, Ч. Айтматов проспектиси, 1а
Катышуу үчүн шилтемедеги арыз формасын толтуруңуз: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfnKzRn9JcB939PDTz_5GkiEX7Tx93CfPFbnFFVfsxNIbzffw/viewform
Сурап билүү үчүн:
0700 704 001
0990 553 794