V Кыргызстан Жарандар Форуму: Жарандуулук талабы

Жарандык коомдун алдында турган көйгөйлөрдү, чакырыктарды, алдыга жылуу жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн талкууга арналган күндүн эң маанилүү төрт темасы:

  • Бүгүнкү күндөгү жарандуулук: симптомдор, диагноз, эскертмелер;
  • Жарандуулук билими;
  • Жарандуулук жана мамлекет;
  • Эркиндик, укук жана демократия.

Форум диалог түзүүгө, бири-бирин угууга, альтернативалык идеяларды талкуулоого, ошону менен бирге коомдун алдында турган ар кандай чакырыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн маани маңызын, табиятын түшүнүүгө багытталат.

Убактысы: 19-ноябрь, 2022-жыл, 9:00-18:00
Дареги: Билимкана билим берүү мекемеси, Ч. Айтматов проспектиси, 1а

Катышуу үчүн шилтемедеги арыз формасын толтуруңуз: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfnKzRn9JcB939PDTz_5GkiEX7Tx93CfPFbnFFVfsxNIbzffw/viewform

Сурап билүү үчүн:
0700 704 001
0990 553 794