Бишкек шаарынын жарандык активисти Альбина Дүйшөнбиева жакында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында кыздар жана балдар үчүн коомдук транспортто коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган долбоордун бет ачарын өткөрдү. Презентациянын жүрүшүндө ал өлкөдөгү эң актуалдуу социалдык көйгөйлөрдүн бирине жарандардын көңүлүн бурууга жардам бере турган маалыматтык кампаниянын башталышы жөнүндө айтып берди. Були иш чаранын негизги максаты коомдо ыдык көрсөтүүгө жийиркеничтүү мамиле түзүү жана жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу

Идеянын автору жана демилгечиси Альбина Дүйшөнбиева. Долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Маршруттук таксилерде, автобустарда жана троллейбустарда маалымат таратууда Бишкек мэриясынын алдындагы Транспорт башкармалыгы да колдоо көрсөтөт.

«Альбина 2022-жылдын июль айында Кыргызстандын активисттери жана чыгармачыл адамдары үчүн өткөрүлгөн Ойлон Кэмп долбоорунун бүтүрүүчүсү», — дейт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук программасынын координатору Тахмина Ашуралиева, — ал бизге өзүнүн идеясын сунуштаганда, биз дароо аны колдоону чечтик. Анткени, тилекке каршы, бул көйгөй биздин коомдо дагы эле трагедиялуу чындык экенин көрүп жатабыз. Долбоорду ишке ашырууга чыгармачылык менен мамиле кылуу да бизге жакты. Маалымат чыгармачылык аркылуу жакшыраак жеткирилет деп ишенебиз».

Долбоор алкагында иштелип чыккан материалдар:

1) Айдоочулар үчүн эскертме (автоунаада ыдык көрсөтүү фактысы катталса, кандай иш-аракет кылуу керек);

2) Жүргүнчүлөр үчүн эскертме (ыдык көрсөтүүгө кабылган учурда кимге кайрылуу керек);

3) Коомдук транспортко стикер (ыдык көрсөтүүгө учураганда айдоочунун кылмышкерге каршы мамилесин белгилейт);

4) Анимациялык видео (жарандарды кайдыгер карабоого чакыруу үчүн);

5) Аялдамалардагы баннерлер

«Бул долбоор ондогон кыздар күн сайын туш болгон көйгөйгө көңүл буруп, аны чечүүгө жардам берет деп ишенем. Контент түзүү процессинде мен бул көйгөйгө кыздар гана эмес, эркек балдар да дуушар болорун билип чыктым. Албетте көбүнчө учурда алар бул тууралуу эч качан айтышпайт», — дейт идеянын автору Альбина.

Ошондой эле идеянын демилгечилери коомдук транспорттун айдоочулары менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, ыдык көрсөтүүгө каршы күрөштө алардан колдоо алууну ишенишет. Мындан тышкары активисттер борбор калаадагы мектептердин окуучулары менен жолугуп, коомдук транспортто акцияларды өткөрүүнү көздөшүүдө.

Үгүт материалдарына шилтемелер: https://bit.ly/3G4RIlP