Оруканалардагы түгөнбөгөн кезектерден тажадыңызбы? Үмүтүңүздү үзбөңүз! Эгер сасык тумоо же башка инфекциялык жана инфекциялык эмес ооруларга чалдыккан болсоңуз, “118 тынымсыз байланышы” баштапкы медициналык жардамды сизге акысыз көрсөтүп бермекчи. Бейтапканаларга барып убакыт кетирүүнүн кереги жок – жөн гана көрсөтүлгөн номурлар боюнча чалыңыз!

Өз ишин билген адистер абалыңызга жараша сизге жардам көрсөтүшөт. Ошондой эле сизге үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш мөөнөттөрү туурасында маалымат беришет.

118 тынымсыз байланышы Кыргызстандын бардык облустары боюнча 7 колл-борбордо жана Бишкектеги 4 колл-борбордо иш алып барат. Байланыш кызматы эртең мененки саат 9дан кечки саат 6га чейин жеткиликтүү.
Кызмат Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA), Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун финансылык жана техникалык колдоосунда иштеп келет.

For privacy reasons YouTube needs your permission to be loaded.

I Accept