Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин демилгесинде Marche du Film кинорыногунда тартууланган «Kyrgyzcinema» стенди көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алып, белгилүү киноуюмдардын көңүлүн өзүнө бура алды. Стендде акыркы эки жыл аралыгында Кыргызстанда тартылып, социалдык-маанилүү темаларды козгогон жана көрүүчүлөрдүн жана кесипкөй адистердин кызыгын арттырган тасмалар тартууланган эле.

Стриминг платформаларынын жана Европанын, Азиянын жана Американын ири эл аралык кинофестивалдарынын өкүлдөрү менен өткөн сүйлөшүүлөр кыргыз тасмаларынын чет жакадагы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачты. Канныга болгон бул үзүрлүү сапар кыргыз киноиндустриясын андан ары өркүндөтүүгө дем болду.

Биз кыргыз тасмасынын кайталангыс жана шыктандыруучу кудурети менен сыймыктанабыз жана келечекте чыдамсыздык менен жаңы жетишкендиктерди жана чыгармачыл ийгиликтерди күтөбүз.

Стенддин жасалгасы долбоор демөөрчүлөрү, алардын ичинде @cinematica_kg кинотеатрлар тармагы, «Сорос-Кыргызстан» фонду жана @doolot.kurulush компаниясы тарабынан колдоого алынган.