«118 тынымсыз байланышы» кызматы 2020-жылы COVID-19 пандемиясы маалында калкка кеңеш берүү жана саламаттыкты сактоо системасына жеңилдик келтирүү максатында түзүлгөн. Учурда аталган кызмат Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасына толугу менен интеграцияланып, бүтүн өлкө аймагында иш алып барат.

Кызмат 2020-жылдын апрель айында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, «Сорос-Кыргызстан» фондунун, “Медициналык билим берүү реформасы” Швейцария долбоорунун (MERP) өнөктөштүгүндө жана БУУӨПнын өлкөлүк кеңсесинин жана KOICAнын андан аркы колдоосунда түзүлгөн.

118 тынымсыз байланыш ишинин 2022-жылдын март айынан 2023-жылдын май айына чейинки убакыт аралыгындагы жыйынтыктары туурасында биздин карточкаларабыздан окуңуз.