“Эгер сиздин бизнесиңиз Интернетте болбосо, демек сиз бизнесте эмессиз” — деп Билл Гейтс айткан эле. Онлайн сатуу ыңгайлуу жана жеткиликтүү болгонуна карабастан Кыргызстандын бардык аймагы бул түрдөгү бизнеске өтө элек.
“Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда ишке ашкан «Digital Ishker» долбоору Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин санариптешүүсүнө көмөктөшүп келет. 80ден ашуун ишкер санарип ишкердүүлүк боюнча тренингден өтүп, ошондой эле социалдык тармакта 48 жаңы бизнес-баракча түзүлдү.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында ишкерлер үчүн кыргыз тилинде 80 акысыз билим берүү курсу даярдалды. Ал курстарды Digital Ishker’дин YouTube каналынан көрө аласыздар:
https://youtube.com/@digitalishker7211?feature=shared

For privacy reasons YouTube needs your permission to be loaded.

I Accept