Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү белгиленүүдө. Анын максаты психикалык ден соолук боюнча маалымдуулукту дүйнө жүзү боюнча жогорулатуу жана аны бекемдөө үчүн күч-аракеттерди мобилизациялоо. Бул күнү психикалык ден соолук жаатында эмгектенген кызыкдар тараптар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, дүйнөнүн бардык адамдарынын психикалык саламаттыгын камсыздоо үчүн күч-аракеттерди топтоо зарылдыгы туурасында ой бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы.

Кыргызстанда жүздөгөн адам жыл сайын жашоосу менен кош айтышып, алардын кайсы бир бөлүгү психикалык бузулуулардан улам буга барышат. Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 2022-жылга карата маалыматына ылайык, өлкөдө 54 миңден ашуун кыргызстандык стационардык көзөмөлдө болуп, ал эми дагы 31 миң адам кеңеш алуу максатында кайрылган. COVID-19 пандемиясы, Кыргызстан чек арасына тажик аскерлеринин куралдуу кол салышы жана экономикалык кризис сыяктуу окуялар психикалык бузулуулардын, депрессиянын, тынчсыздануунун, паника чабуулдарынын көбөйүшүнө алып келди.

Өлкөбүздүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунан психиатриялык жардамды толугу менен бекер алууга боло тургандыгын көбү биле бербейт. Аталган жардам мультидисциплиналык топтор (МДТ) аркылуу 15 үй-бүлөлүк медицина борборунда көрсөтүлөт. Топтун курамына врач-психиатр, психолог, патронаждык кызматкерлер жана медайымдар кирет.

Медицина кызматкерлери бейтаптардын сакайып кетишине кызыкдар, себеби бул максатта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кызыктыруучу каржылык төлөмдөрдү жүргүзүп турат. «Сорос-Кыргызстан» фонду бул демилгелердин жигердүү бөлүгүн колдоп, ал эми  «Үй-бүлө жана коом» коомдук бирикмеси аркылуу бул моделди саламаттыкты сактоо тутумуна кийрүүгө жана аны мамлекеттик каржылоо аркылуу туруктуу кылууга мүмкүн болду.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун даректери:

Мультидисциплиналык топ жайгашкан саламаттыкты сактоо уюмунун аталышы Саламаттыкты сактоо уюмунун дареги Каттоо бөлүмүнүн телефону, облустук / райондук коду менен
1 №1 ҮДБ Бишкек ш. Бишкек ш., Фучик көч. 15 (0312) 644540
2 №2 ҮДБ, №1 ҮДБ Ош ш. Ош ш., Касымбеков көч. 4 (03222) 8-54-01
3 Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Кара-Суу ш. Кара-Суу ҮДБ Киров көч. 5 кеңеш берүү бөлүмүнүн имараты Кара-Суу ЖДТБ кабылдамасы(03232)5-32-21
4 Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун (ЖДТБ) алдындагы «Барын»амбулатордук дарт таануу борбору, Ноокат ш. Ноокат ш., Барын көч., 54-үй (03230)6-02-56
5 Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Кызыл-Кыя ш. Кызыл-Кыя ш., Ленин көч.3 Кабылдама (03657)5-14-16
6 Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Кадамжай ш. Кадамжай ш., Больничнаякөч. 7 (03655)5-03-00
7 Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ),Жалал-Абад ш.  Жалал-Абад ш., Эркиндиккөч. 12/а (03722)5-47-54
8 Хайватов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Сузак ш. Сузак ш., Дакан Полванкөч. (03748)5-00-42
9 Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ),Базар-Коргон ш. Базар-Коргон ш.,Суйдуллаев көч. 59 Кабылдама             (03637)5-01-05
10 Ысык-Көл жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Каракол ш. Каракол ш., Абдрахмановкөч. 121 (03922)5-19-18
11 Талас жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Талас ш. Талас ш., Бердике Баатыркөч. 293 (03422)5-23-19
12 Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ),Нарын ш. Нарын ш., Качкынов көч. 5 Кабылдама              (03522)5-08-46
13 Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Сокулук ш. Сокулук району, Сокулука. Больничная көч. 1 (03134)5-22-71