Урматтуу журналисттер, сиздерге жана дегеле Кыргызстандын маалымат мейкиндигин калыптоого салым кошуп жаткандардын баарына терең ыраазычылык билдиребиз. Коомчулуктун маанилүү маселелерин жана көйгөйлөрүн чагылдырууга жана жарандык катышууну илгерилетүүгө кошкон салымыңыздар баа жеткис.
Талыкпаган эмгегиңиздер, камкордугуңуздар жана Кыргызстан коомуна ак ниеттен кызмат кылууга далалат кылганыңыздар үчүн чоң рахмат!
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү, сиздерге туруктуулук, чыгармачыл шыктануу жана долбоорлордун жана идеялардын ийгиликтүү ишке ашырылышын каалайбыз!
Урматтоо менен,
«Сорос-Кыргызстан» фонду