COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы коомдук саламаттык сактоого гана коркунуч жаратпастан, атуулдадын социалдык, экономикалык жана менталдык бакубатчылыгына да шек келтирүүдө. Бири-бирибиз менен болгон байланышты кыскартып, аргасыз аралыкты сактоого мажбур болгон маалда жарандык коомдон элди бириктирип, изоляциянын терс кесепеттерин жоюуга багытталган жаңы ыкмалар талап кылынат. Мындай кыйын мезгилде бири-бирибиздин колдообузга абдан муктажбыз.

Буга байланыштуу «Сорос-Кыргызстан» Фонду жаңы түзүлгөн Өзгөчө кырдаалдар корунун алкагында жарандык тилектештик демилгесин көтөрүп, ушул демилгенин алкагында чакан гранттар сынагын жарыялайт.

Бул татаал кырдаалда биз жаңы же учурда иштеп жаткан өз ара көмөктөшүү демилгелерин, менталдык колдоо, жарандык тилектештик тажрыйбаларын жана жергиликтүү коомдоштуктардын байланышын күчөтүү иштерине колдоо көрсөтүүгө ниеттенип жатабыз. Сынак Фонддун эсебинен жер-жерлердеги көйгөйлөрдүн баарын чечүү максатын көздөбөйт. Болгону, калктын аярлуу катмарын колдоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын, расмий жана расмий эмес коомдук бирикмелердин идеяларын ишке ашырууга жардам бермекчи.

Долбоордун орточо бюджети 150 000 сомду тузөт. Бирок Фонд сунушталган демилгелердин баарын карап чыгууга даяр.

Табыштамалар туруктуу негизде кабыл алынып, бир күндөн беш суткага чейинки мөөнөттө (келип түшкөн табыштамалардын санына жараша) каралат. Бул сынакта дедлайндар жана чечим кабыл алуу боюнча белгиленген мөөнөттөр жок экенинен кабар берет. Демилгени токтотуу тууралуу билдирүү кийин, өзүнчө жарыяланат.

 

Сынактык долбоорлордун болжолдуу категориялары:

 

  • Жергиликтүү коомдоштуктардын демилгелери

. Пандемия учурунда жарандарды бириктирүү жана аргасыз аралыкты сактоо муктаждыгынан жаралган коркунучтардын денгээлин төмөндөтүү үчүн жарандык коомдун өз ара иштешүүсүнүн жаңы тажрыйбалары менен форматтарын колдонууга багытталган демилгелер жактырылат.

 

  • Психологиялык жардам. Калктын аярлуу катмарын жана/же депрессия, социалдык фрустрация, кесибинен жадап, алсызданууга дуушар болуу тобокелчилиги жогору болгон адамдарды камтыган долбоорлор жактырылат.

 

  • Аярлуу топторду колдоо жана коргоо. Эң чоң артыкчылыкка ээ болгон долбоорлор:
  • жакырчылык жана социалдык кысымга кабылуу коркунучу курч турган топторду, майыптыгы бар адамдарды, мигранттарды/качкындарды, селсаяктарды жана башкаларды камтыган долбоорлор;
  • бир аярлуу топтун көгөйүнө токтолуп, алардын муктаждыктарын жана өзгөчө абалын эске алуу менен маселени чечүү жолдорун сунуштаган долбоорлор;
  • бир жолку азык-түлүк же дары-дармектерди жеткизүү менен гана чектелбестен, туруктуу ыкманы сунуштап, окутуу жана өздөрүнө көмөктөшүү элементтерин (өздөрүн иш менен камсыздоону өнүктүрүү) камтыган долбоорлор.

 

  • Укуктук жардам жана укук коргоо.Адамдын негизги укуктары тебеленген учурда жардам көрсөтүүчү долбоорлор, ошондой эле адам укугун бузуу, киргизилген өзгөчө абалдын шарттарында кызмат абалынан кыянат пайдалануу, өз билемдик фактыларын каттоо жана көзөмөлдөө боюнча долбоорлор колдоого алынат.

 

  • Көзөмөлдөө жана документациялоо. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү, тилектештик менен адамгерчилик учурларын каттоо жана көзөмөлдөө боюнча долбоорлорго колдоо көрсөтүлөт. Негизгиси, атактуу жана аттары белгисиз активисттердин баары мамлекеттин, коомдун тарых барактарына түшүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алышы керек.

 

Учурда иштеп жаткан долбоорлор, ошондой эле краудфандинг ыкмасын, ыктыярчлардын эмгегин колдонгон, адамдардын жоон тобун өзүнө тарта алган, коомчулуктун катышуусуна дем бере алган долбоорлор жактырылат.

 

Аталган сынактын алкагында кымбат товарларды, жеке коргоо каражаттарын  сатып алуу, айылык акы жана имаратты ижарага алуу боюнча чыгашаларды бюджетке киргизген долбоорлор колдоого алынбаары эскертилет.

 

Каттоого турган коомдук уюмдардын каражат алууга мүмкүнчүлүгу жогору болот, бирок биз расмий эмес коомук демилгелерден жана жеке адамдардан келип түшкөн табыштамаларды да карап чыкканга даярбыз.

 

Пандемиянын чакырыктарына ыкчам жооп кайтаруу үчүн атайлап табыштамаларды кароо жол-жоболорун жөнөкөйлөттүк.

 

Табыштамалар көп болгонуна байланыштуу, биз ар бир кайрылган адамга жооп бере албайбыз. Тандалып алынган долбоорлордун ээлерине гана ырастамалар жөнөтүлүп,  кийинки тапшырмалар берилет.

 

Өз демилгеңизди сынакка сунуштоо үчун: https://cutt.ly/UtR50B2 дареги боюнча онлайн-форманы толтуруңуз (сыпаттоо кыска, бирок так болушу шарт).