26-мартта Бишкекте «Сорос-Кыргызстан» Фондуна Ысык-Көл областынын ооруканалары үчүн жеке коргонуу каражаттарын расмий өткөрүп берүү болуп өттү. Гуманитардык жардамдын көлөмү дээрлик миллион сомду түзөт. «Сорос-Кыргызстан» Фонду япониялык Pricer Bishkek IT-компаниясынын талабы боюнча ЖККларды аймакта жайылтууга көмөктөшөт. Иш-чарага Pricer Bishkek компаниясынын башкы директору Юя Коматсу мырза, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов, «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын директору Айбек Мукамбетов катышышты. 2020-жылы дагы Pricer Bishkek «Сорос-Кыргызстан» Фондунун гумжардамдарды бөлүштүрүүдөгү көмөгү менен мобилдик бригадаларга жана медициналык мекемелерге өз күч-аракеттери менен гуманитардык жардам көрсөтүшкөн.

Бишкекте жайгашкан Pricer япон IT-компаниясынын филиалы – Pricer Bishkek, 2020-жылдын декабрынан тартып 2021-жылдын январына чейин COVID-19 пандемиясы мезгилинде Кыргызстанга жардам берүү үчүн Японияда краудфандинг (элдик каржылоо) уюштурган. Жыйынтыгында Ысык-Көл областынын орруканаларынын дарыгерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга – 1 230 000 япон йени – 950 000ден ашык сом чогултулган. Ысык-Көл областынын кыйла муктаж болгондоруна жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берүү үчүн ар түрдүү мамлекеттик жана эл аралык түзүмдөрдү талдоо менен, Pricer Bishkek гуманитардык жардамды өткөрүп берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен «Сорос-Кыргызстан» Фондуна кайрылууну чечкен. Азыркы учурда Фонд «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын алкагында Ысык-Көл областында чоӊ долбоорду жүргүзүүдө, коронавирус боюнча абалды болжолдоп жана дарыгерлерди пандемиянын кийинки толкунуна даярдап жатат.

«Мен кыргызстандыктар менен бирге Pricer Bishkek компаниясында иштейм. Пандемия мезгилинде Кыргызстанда болуп жаткандарды байкоо менен, Pricer Япониядагы жана бишкектеги филиалдагы кесиптештер болуп тышта карап тура албадык. Ошондуктан кыргызстандыктарга мындай оор мүнөттөрдө кантип жардам бере аларыбыз тууралуу ойлондук. Биз анча чоӊ эмес компаниябыз, ошондуктан биз, Япония менен Кыргызстандын кайдыгер эмес адамдарын бириктирүү менен краудфандинг (элдик каржылоо) уюштурдук», – деп ойлорун бөлүшөт Коматсу мырза.

Шамиль Ибрагимов эл аралык тилектештик жана отчеттуулук жөнүндө: «Сорос-Кыргызстан» Фонду өткөн жылы пандемия мезгилинде Өзгөчө фондду тез арада уюштуруп жана медициналык мекемелерге жеке коргонуу каражаттары жана дары каражаттары түрүндө колдоо көрсөтө алдык. Биз ошондой эле канча каражат кайсы жакка кетип жаткандыгын ачык көрсөтүү менен башкы милдет кылып очтеттуулукту жана айкындуулукту койдук. Бул биздин карманган туубуз катары эӊ күтүүсүз натыйжаларга алып келди. Жыйынтыгында Pricer япон компаниясы бизге алар ишенген уюм катары жарандарга жардам берүүгө күчтөрдү бириктирүү өтүнүчү менен кайрылышты. Биз Pricer Bishkek сыяктуу эле гуманитардык жардам менен алектенбейбиз, бирок ички процесстер муну өтө натыйжалуу жасоого мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле «Коомдук саламаттык сактоо» программасы зарыл болгон экспертизага ээ. Кыргызстандагы Pricer япон компаниясынын өкүлдөрү жасаган иштер – бул жарандык жана эл аралык тилектештиктин, ошондой эле бизнестин оор мүнөттөрдө өз өнөктөштөрүн колдоодогу социалдык жоопкерчилигинин үлгүсү. Pricer компаниясы Кыргызстанды бизнести өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк катары гана эмес, алар колдогусу келген өнөктөш жана бир тууган эл катары карашат».

«ЖККларды бөлүштүрүү үчүн эмнеге Ысык-Көл областы тандалып алынды?» 2020-жылдын августунда «Сорос-Кыргызстан» Фондуна Ысык-Көл областынын штабынын атынан коронавирус абалын болжолдоого, медкызматкерлерди окутууга колдоо көрсөтүүгө жана медициналык мекемелерди дары каражаттары жана ЖККлар менен камсыз кылууга жардам көрсөтүүгө расмий суроо-талап келип түшкөн. Биз анда бул областта COVID-19 жаӊы толкунуна даярдык көрүү боюнча ар тараптуу иштерди баштаганбыз. Бизге Pricer Bishkek компаниясынын өкүлдөрү кайрылышты жана биз гуманитардык жардам берүү үчүн Ысык-Кол областын сунуштадык, анткени регион дагы эле коргоочу костюмдарга муктаж болчу. Азыркы учурда коронавирустун жаӊы толкунуна даярдык көрүү үчүн медкызматкерлерди окутуу, COVID-19 абалын болжолдоо жана мобилдик бригадаларды оптималдаштыруу боюнча түйүндүү иштер жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, «Сорос-Кыргызстан» Фонду коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзөт жана муну медкызматкерлерге үйрөтөт. Япон элинин жардамы өз убагында берилди, анткени биздин болжолдор туура чыкты жана COVID-19 үчүнчү толкуну башталарын сезип жатабыз», – деп, гумжардам үчүн эмнеге Ысык-Көл областы тандалганын түшүндүрдү Айбек Мукамбетов.

ЖККлар Ысык-Көл областынын төмөнкү медициналык мекемелерине бөлүштүрүлөт:

  • Каракол шаарындагы Областтык үй бүлөлүк медицина борбору
  • Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасы
  • Ак-Суу ЖДПБ
  • Түп ЖДПБ
  • Ысык-Көл ЖДПБ
  • Балыкчы ЖДПБ
  • Тоӊ ЖДПБ
  • Жети-Өгүз ЖДПБ
  • Ананьево ЖДПБ

29-март саат 13:00дө Каракол шаарынын Областтык үй бүлөлүк медициналык борборунун имаратында (Абдрахманов көч., 121), япон элинен Ысык-Көл облусуна коргонуу каражаттары өткөрүп берилет. Жолугушууга Юя Коматсу мырза, Шамиль Ибрагимов жана Айбек Мукамбетов дагы катышууда.