Сынакка жаштар коомдук уюмдарынан альтернативалык жана инновациялык ыкмаларды колдонуу менен жаштардын маселелерин чечүүгө багытталган долбоордук сунуштар кабыл алынат.

Негизги талаптар:

  • Долбоордун сынакка катышып жаткан уюмдун максаты менен дал келүүсү;
  • Маселелерди чечүүгө жана максаттык топтун муктаждыктарын канааттандырууга багытталышы;
  • Долбоордун максаттарынын, милдеттеринин, иш-аракеттеринин жана жыйынтыктарынын өз ара байланыштары;
  • Жыйынтыктарга долбоор ишке ашырылган мөөнөт аралыгында жетүү;
  • Максаттык топтун абалын жакшыртууда долбоордун сандык/сапаттык өлчөмдөгү таасири;
  • Катышып жаткан уюмдун деңгээли жана профессионалдык мүмкүнчүлүктөрү;
  • Чындыкка жакын жана негизделген бюджет.

Гранттын максималдык суммасы: $ 10 000.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – бир жылдан ашпашы керек.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо:

  • Долбоордук сунуштар жазуу жана электрондук түрдө гранттык сунуштун формасына ылайык толтурулушу зарыл (www.soros.kg);
  • Сунуштар кыргыз же орус тилдеринде ар күнү, дем алыш же майрам күндөрүнөн сырткары, 2011-жылы 14-март саат 17:00кө чейин кабыл алынат.
  • Электрондук түрдө толтурулган сунуштарды applications@soros.kg электрондук дарегине, ал эми жазуу түрүндө толтурулган сунуштарды төмөндөгү дарекке: КР, 720040, Бишкек ш., Логвиненко к. 55А, тел.: (312) 66-34-75 кошумча 146  «Жаштар демилгелери» Сынагына» деген билдирүү менен жиберүү зарыл.
  • Толук эмес толтурулган жана тапшыруу мөөнөтүнөн кечиккен сунуштар кабыл алынбайт.
  • Тапшыруу мөөнүнө жетишүү үчүн региондордон жазуу түрүндөгү сунуштарды курьер же почта аркылуу алдын алаа жиберүү зарыл.
  • Сунуштарды тандоо Жаштар программасынын Эксперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
  • Гуманитардык жардам көрсөтүү, социалдык объектилерди куруу, оңдоо же калыбына келтирүү боюнча долбоорлор каралбайт.
  • Долбоордук сунуштар кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт.