Ачык Коом Фондторунун

«Жаштар Демилгелери» Программасы Нью-Йорк шаары

менен «Сорос- Кыргызстан» Фондунун

Жаштар Программасы сынак  жарыялайт

Жаштар үчүн чакан гранттар (Youth Action Fund)

Сынактын максаты — ачык коомдун идеалдарын илгерилетүү максатында өздөрүнүн көбүрөөк сандагы курдаштарын мобилизациялай жана таасир көрсөтө алуучу жаштардын анча чоң эмес топторун табууда, түрткү берүүдө жана жардам көрсөтүүдө турат.

Ким арыз бере алат

  • Бардык арыз берүүчүлөр 14 жаштан – 28 жашка чейин болууга тийиш;
  • Арыз берүүчүлөр азыркы учурда Кыргыз Республикасында жашоого тийиш;
  • Долбоордун бюджети  200дөн 2000 АКШ долларына чейинки чекте болууга тийиш;
  • Жаштар жергиликтүү ӨЭУлардын өнөктөштөрү катары чыга алышат, ӨЭУлардын арыздары жаштардын атынан кабыл алынбайт.

Гранттарды берүүдөгү артыкчылыктар

  • Биз инновациялык идеялар үчүн ачыкбыз;
  • Арыз берүүчүлөр өздөрүнүн курдаштарын жана башка топторду жарандык коомдун ишине тарткан долбоорлорго артыкчылык берилет;
  • Кошуна өлкөлөр менен жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор болушу мүмкүн;
  • Туруктуу боло алуучу же каржылоо аяктаганда ишти улантып кете алуучу долбоорлор колдоого алынат.

Колдоого алынбоочу долбоорлор

  • Конференцияларга, семинарларга ж.б.у.с. катышуу үчүн барууга же мүчөлүк акы төлөөгө гранттар;
  • Бир адамдын окумуштуулук даража, кандайдыр бир сертификат алуусу, курстан өтүүсү;
  • Жаштардын атынан грант алуу үчүн кайрылган уюм же улуу курактагы адамдар;
  • Арыз берүүчүлөр үчүн маяналуу долбоордор колдоого алынбайт.

Эгер сиз арыз берүүнү чечсеңиз

Арыздын формасын электрондук түрдө орусча же болбосо кыргызча тилинде толтуруп yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жибериңиз.

Арыздын формасы өтө эле оңой жана мындай суроолорго жооп бериш керексиңиз:

  • Сиздин долбооруңуздун аты кандай?
  • Сиз кандай көйгөйдү чечкен жатасыңыз?
  • Сиз аны кантип чечесиңиз?
  • Бул үчүн Сиз ким менен иштейсиңиз?
  • Сиздин  бюджетиңиз кандай?

Арыз берүү мөөнөттөрү 15 сентябрдан баштап  2011 жылдын 25 октябрына чейин

Бирок, арыздар кабыл алынган күндөн баштап каралып жана каржаланат. Ошондуктан эртерек жибергеңге аракет кылыныз!

Суроолор боюнча кайрылуучу дарек: elvirakalmurzaeva@gmail.com