Ачык Коом Фонддорунун «Жаштар Демилгелери» Программасы менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар Программасы конкурс  жарыялайт

Конкурстун максаты – өздөрүнүн тең-туштарына таасирин тийгизе ала турган жана аларды үгүттөй ала турган жаштарга колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү, бул жаштардын өлкөнү өнүктүрүү иш-чараларына катышууларына жардам берүү.

Конурска ким катыша алат?

• Конкурстун бардык катышуучулары 14-28 жашка чейин болууга тийиш;

• Конкурстун катышуучулары азыркы учурда Кыргыз Республикасында жашоого тийиш;

• Долбоордун бюджети 200дөн-2000 АКШ долларына чейин болуш керек;

• Конкурстун катышуучулары жергиликтүү Бей Өкмөт Уюмдарынын өнөктөштөрү катары конкурска катыша алышат, бирок Бей Өкмөт Уюмдар жаштардын атынан сынакка катушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес;

Гранттарды берүүдө эмнелерге артыкчылыктар берилет?

• Биз инновациялык идеялар үчүн ачыкбыз;

• Башка жаштардын, коомдун ар кандай мүчөлүрүнүн жана топторунун катышуусун камтыган долбоорлорго артыкчылык берилет;

• Коңшу өлкөлөр менен жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорго артыкчылык берилет;

• Каржылоо аяктагандан кийин туруктуу жана багытталган ишти улантып кете алуучу долбоорлор колдоого алынат;

Колдоого алынбоочу долбоорлор

• Конференцияларга, семинарларга ж.б.у.с. иш-чараларга барып-келүү үчүн же мүчөлүк-акыны төлөөгө багытталган гранттар;

• Жеке бир адамдын илим даражасын, кандайдыр бир сертификат алуусун же курстардан өтүүсүн колдогон долбоорлор;

• Жаштардын атынан грант алуу үчүн кайрылган уюмдар же улуу курактагы адамдар;

• Долбоордун координаторунун маянасын камтыган долбоорлор колдоого алынбайт;

Эгер сиз конкурска катышууну чечсеңиз:

Долбоордун электрондук формасын орусча же кыргызча тилинде толтуруп, паспортуңуздун же болбосо туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктүн копиясын yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жибериңиз.

Долбоорду толтуруу формасы  абдан оңой жана төмөндөгү суроолорду камтыйт:

• Сиздин долбооруңуздун аты кандай?

• Сиз кандай көйгөйдү/маселени чечүүгө максат койдуңуз?

• Сиз бул көйгөйдү кантип чечесиз?

• Бул максатты ишке ашыруу үчүн сиз ким менен бирге иштешесиз?

• Сиздин бюджетиңиздин суммасы канча?

Долбоорлордун формасын тапшыруу мөөнөтү 2012 ж. 26 мартынан тарта 26 апрелине чейин.

Долбоорлор кабыл алынган сайын текшерүүдөн өтүп,каржылана баштайт.Ошондуктан долбоорлорду эртерээк жибергенге аракет кылыңыздар!

Суроолор боюнча кайрылуучу дарек:

elvirakalmurzaeva@gmail.com,(0550)706918