“Сорос-Кыргызстан” Фонду Жаштар программасынын алкагында

“ЖАШТАР ДЕМИЛГЕЛЕРИ” гранттык сынагын жарыялайт

Сынакка жаштардын актуалдуу социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, аймактарда жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, коомдун социалдык жана маданий турмушуна жаштардын катышуусун күчөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын жаштарынын бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарынан (КБ, КФ, КФК, ЮЖУ, Мекеме) долбоордук сунуштар кабыл алынат.

Кыргызстандын аймактарынан келген долбоорлор жактыруу менен кабыл алынат!

Сынактын негизги критерийлери:

  • теманын актуалдуулугу (долбоор максаттуу топтордун керектөөлөрүн баалоого негизделиши керек);
  • көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы мамилелерди пайдалануу;
  • көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик түзүмдөр жана/же башка кызыкдар уюмдар менен өз аракетте болуу;
  • долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнүн ичинде анын натыйжаларга жете алуусу;
  • долбоор кучагына алган кырдаалдарды жакшыртууга долбоордун таасири (натыйжасы);
  • долбоордун натыйжасынын туруктуулугу жана узак мезгилдүүлүгү;
  • тобокелдикти алдын ала көрүү жана аларды жоюунун планынын болушу;
  • реалдуу, негизделген бюджет.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: Бир жылдан ашык эмес.

Долбоордун географиясы: Кыргыз Республикасы.

Суралган гранттын суммасы: 5000ден 20000ге чейин АКШ доллары.

Грантты берүүнүн болжолдуу мөөнөтү: 2013-жылдын май айынын ортосу.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо:

  • Долбоордук сунуштар (сунуш жана бюджет) жазуу жана электрондук түрдө гранттык сунуштун формасына ылайык толтурулушу зарыл http://soros.kg/t-nm-n-n-formalary?lang=kg);
  • Сунуштар кыргыз же орус тилдеринде ар күнү, дем алыш же майрам күндөрүнөн сырткары, 2013-жылы 25-февраль саат 15:00кө чейин кабыл алынат.
  • Электрондук түрдө толтурулган сунуштарды applications@soros.kg электрондук дарегине, ал эми жазуу түрүндө толтурулган сунуштарды төмөндөгү дарекке: КР, 720040, Бишкек ш., Логвиненко к. 55А, тел.: (312) 66-34-75 кошумча 146  «Жаштар демилгелери» Сынагына» деген билдирүү менен жиберүү зарыл.
  • Толук эмес толтурулган жана тапшыруу мөөнөтүнөн кечиккен сунуштар кабыл алынбайт.
  • Тапшыруу мөөнүнө жетишүү үчүн региондордон жазуу түрүндөгү сунуштарды курьер же почта аркылуу алдын алаа жиберүү зарыл.
  • Сунуштарды тандоо Жаштар программасынын Эксперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
  • Гуманитардык жардам көрсөтүү, социалдык объектилерди куруу, оңдоо же калыбына келтирүү боюнча долбоорлор каралбайт.
  • Долбоордук сунуштар кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Байланышуучу тарап: Елена Татаркова, etatarkova@soros.kg, тел.: (312) 66-34-75 кошумча 146.