Ачык Коом Фонддорунун «Жаштар Демилгелери» Программасы Нью-Йорк шаары менен «Сорос- Кыргызстан» Фондунун Жаштар Программасы Жаштар үчүн чакан гранттар (Youth Action Fund) аттуу сынак жарыялайт

Cынактын максаты – өздөрүнүн тең-туштарына таасирин тийгизе ала турган жана аларды үгүттөй ала турган жаштарга колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү, бул жаштардын өлкөнү өнүктүрүү иш-чараларына катышууларына жардам берүү.

Сынакка ким катыша алат?

  • Сынактын бардык катышуучулары 14-28 жашка чейин болууга тийиш;
  • Сынактын катышуучулары Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш;
  • Долбоордун бюджети 200дөн-2000 АКШ долларына чейин болуш керек;
  • Сынактын катышуучулары жергиликтүү Бей Өкмөт Уюмдарынын өнөктөштөрү катары конкурска катыша алышат, бирок Бей Өкмөт Уюмдар жаштардын атынан сынакка катушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес;

Гранттарды берүүдө эмнелерге артыкчылыктар берилет?

  • Долбооруңуздун темасы социалдык көйгөлөрдуүү чечүү максатында болуш керек;
  • Биз инновациялык идеялар үчүн ачыкбыз;
  • Башка жаштардын, коомдун ар кандай мүчөлүрүнүн жана топторунун катышуусун камтыган долбоорлорго артыкчылык берилет;
  • Доблобооруңуздун бюджети реалдуу чыгымдарды камтыш керек;
  • Каржылоо аяктагандан кийин туруктуу жана багытталган ишти улантып кете алуучу долбоорлор колдоого алынат;
  • Коңшу өлкөлөр менен жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорго артыкчылык берилет;

Колдоого алынбоочу долбоорлор

  • Конференцияларга, семинарларга ж.б.у.с. иш-чараларга барып-келүү үчүн же мүчөлүк-акыны төлөөгө багытталган гранттар;
  • Жеке бир адамдын илим даражасын, кандайдыр бир сертификат алуусун же курстардан өтүүсүн колдогон долбоорлор;
  • Жаштардын атынан грант алуу үчүн кайрылган уюмдар же улуу курактагы адамдар;
  • Долбоордун координаторунун маянасын камтыган долбоорлор колдоого алынбайт;

Эгер сиз конкурска катышууну чечсеңиз:

Долбоордун электрондук формасын орусча же кыргыз тилинде (apllicationYAF2013kg)  толтуруп, паспортуңуздун же болбосо туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктүн копиясын yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жибериңиз.

Долбоорду толтуруу формасы  абдан оңой жана төмөндөгү суроолорду камтыйт:

  • Сиздин долбооруңуздун аты кандай?
  • Сиз кандай көйгөйдү/маселени чечүүгө максат койдуңуз?
  • Сиз бул көйгөйдү кантип чечесиз?
  • Долбооруңуздун уникалдуулугун жазыңыз
  • Бул максатты ишке ашыруу үчүн сиз ким менен бирге иштешесиз?
  • Сиздин бюджетиңиздин суммасы канча?

Долбоорлордун формасын тапшыруу мөөнөтү 2013 ж. 15 апрелден тарта 25 майга чейин.

Долбоорлор кабыл алынган сайын текшерүүдөн өтүп, каржылана баштайт.Ошондуктан долбоорлорду эртерээк жибергенге аракет кылыңыздар!

Суроолор боюнча кайрылуучу дарек:

elvirakalmurzaeva@gmail.com, (0312) 663475(ички номер 133)