«Сорос-Кыргызстан» Фонду Жаштар программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын жаштар коомдук уюмдарынын арасында «Жаштарды социалдык өзгөрүүлөргө  үндөө» гранттык сынак жарыялайт*.

 

*Коомдук уюм – коомдук бирикме, коомдук фонд же юридикалык жактардын бирикмеси деген юридикалык статусу бар бейөкмөт уюму.

 

Сынакка Кыргызстандын жаштар коомдук уюмдарынан жаштардын жарандык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана аларды инновациялык иш-чараларды, форматтарды жана технологияларды пайдалануу менен социалдык кайра түзүү процесстерине тартууга багытталган долбоордук сунуштар кабыл алынат.

 

СЫНАКТЫН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫ:

 

  • Шаарларды өнүктүрүү (урбанистика) жана Социалдык инновациялар:
    • жергиликтүү демилгелер / шаардык активдүүлүк;
    • социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган идеялар жана технологиялар;
    • жаштардын социалдык ишмердүүлүктөрү;
    • жаш жарандардын чечим кабыл алууга катышуусу.

 

  • Төмөнкү максаттарда искусствону, маданиятты жана илимди колдоо чөйрөсүндө МКТны, социалдык инновацияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө коммуникативдик аянттарды уюштуруу:
    • жаштардын өз ара аракеттери, тажрыйба, билим жана көндүм алмашуулары;
    • жаңы идеяларды жана старт-аптарды талкуулоо;
    • бир пикирлештерди издөө жана аларды социалдык долбоорлорго тартуу.

Сунушталган аянттардын форматтары – BarCamp, JashtarCamp, Art(Cinema)Camp, фестивалдар, сынактар (граффити/сүрөт/видео ж.б.), семинарлар, конференциялар ж.б.

 

  • Жаштарда жарандык позицияларды, жарандык аң-сезимди жана өлкөнүн аймактарындагы жаштардын активдүүлүктөрүн күчөтүү:
    • Коомдук кызыкчылыктарды коргоо аракеттери жана адам укуктарынын мектептери;
    • Билим берүүчү жана агартуучу иш-чаралар.

 

Сынактын негизги критерийлери:

  • Долбоордун идеясы конкурстун бир багытына туура келүүсү;
  • Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы мамилелерди пайдалануу;
  • Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнүн ичинде анын натыйжаларга жете алуусу;
  • Реалдуу, негизделген бюджет.

 

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – бир жылдан ашык эмес.

 

Долбоордун географиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактары.

 

Долбоордун бюджети өтүнмө берүүчү тарабынан белгиленет. Суралган бюджеттин суммасы долбоордун чыныгы керектөөлөрүнө негизделиши, так эсептелиши жана чыгымдын ар бир статьясы боюнча дал келиши керек.

 

Грант берүүнүн болжолдуу мөөнөтү: 2014-жылдын Июнь айына.

 

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо:

  • Долбоордук сунуштар (сунуш жана бюджет) жазуу жана электрондук түрдө гранттык сунуштун формасына ылайык толтурулушу зарыл.
  • Сунуштар кыргыз же орус тилдеринде ар күнү, дем алыш же майрам күндөрүнөн сырткары, 2014-жылы 3-март саат 15:00кө чейин кабыл алынат.
  • Электрондук түрдө толтурулган сунуштарды applications@soros.kg электрондук дарегине, ал эми жазуу түрүндө толтурулган сунуштарды төмөндөгү дарекке: КР, 720040, Бишкек ш., Логвиненко к. 55А, «Жаштар программасынын «Жаштарды социалдык өзгөрүүлөргө үндөө» сынагы» деген билдирүү менен жиберүү зарыл.
  • Толук эмес толтурулган жана тапшыруу мөөнөтүнөн кечиккен сунуштар кабыл алынбайт.
  • Тапшыруу мөөнүнө жетишүү үчүн региондордон жазуу түрүндөгү сунуштарды курьер же почта аркылуу алдын алаа жиберүү зарыл.
  • Сунуштарды тандоо Жаштар программасынын Эксперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
  • Гуманитардык жардам көрсөтүү, социалдык объектилерди куруу, оңдоо же калыбына келтирүү боюнча долбоорлор каралбайт.
  • Долбоордук сунуштар кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Байланышуучу тарап:

Баглан Мамаев          тел.: (312) 66-34-75 кошумча 104               baglan@soros.kg

Елена Татаркова       тел.: (312) 66-34-75 кошумча 146                etatarkova@soros.kg