“Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууну жогорулатууда жергиликтүү коомдордун демилгелерин колдоо” гранттык сынагы

“Сорос-Кыргызстан” Фонду “Жаратылыш ресурстарын башкаруу” Программасынын алкагында гранттык сынак башталганын жарыялайт:

 

СКФнын 2014-2017-жылга жаңыланган Стратегиясынын алкагында “Жаратылыш ресурстарын башкаруу” программасы жаратылыш ресурстарын башкарууга жергиликтүү коомдорду тартуу жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууда ЖӨБ органдарынын отчеттуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу жолу менен жергиликтүү аймактарды өнүктүрүү мүмкүндүгүн кеңейтүүгө багытталган аймактык демилгелерди колдоону пландаштырууда. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасында ЖӨБ принциптеринде 31 шаардын жана 450 айыл аймагынын – республиканын административдик-аймактык бирдиктери иштейт. Бардык аймактардын өзүнчө өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу, муниципалдык менчикти, жаратылыш жана башка болгон ресурстарды натыйжалуу башкаруу, туруктуу экономикалык базаны өнүктүрүү жана белгилөө боюнча ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү коомдордун дараметтерине жараша болот.

Өлкөбүздө 2013-2014-жж. КР ЖӨБүнү өнүктүрүүнүн программасы кабыл алынган, анда жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин борборуна жергиликтүү коомдордун кызыкчылыктары коюлуп, ЖӨБ органдарынын жоопкерчиликтери өз мүмкүнчүлүктөрү жана бөлүнгөн ресурстары менен бекемделген ыйгарым укуктарында гана экендиги өзгөчө белгиленген. Бул документте аймактык ресурстарды башкарууда жергиликтүү коомдордун мүчөлөрүнүн демилгелеринин ачыктыгында ЖӨБ органдарынын айкындуулугу жана отчеттуулугу көңүл борборуна алынган.

Сынактын максаты: жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана аймакты өнүктүрүүгө жергиликтүү коомдорду тартуу жана түшүнүгүн жогорулатуу.

Сынактын милдеттери:

Сынак жергиликтүү экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө, жарандар менен башкаруу институттарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү, инвесторлор менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы кызматташууларды өнүктүрүүгө багытталган жаратылыш ресурстарын башкарууга коомдорду тартуунун натыйжалуу куралдарын жана механизмдерин издөөнү болжолдойт. Өнөктөштөрдүн өз ара мамилесин белгилөө коомдук ишенимдин жана жаратылыш кендерин пайдаланууда өз ара түшүнүшүүнүн өсүүсүнө мүмкүндүк түзөт, ал аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз болуп калат.

 

ЖӨБ органдарынын жоопкерчилигин жана отчеттуулугун жогорулатуу. ЖӨБ органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштеп жаткан органы болушу керек, андыктан, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жоопкерчилик принциптерин ишке ашырууга көңүл буруусу зарыл. ЖӨБ органдары коомдук көйгөйлөрдү ачык, жергиликтүү коомдордун ар түрдүү топторунун кызыкчылыктарын жана демилгелерин эске алуу менен өнөктөштүк, отчеттуулук жана тең укуктуу негизде чечиши керек. Негизинен муниципалдык ресурстарды: жайыттарды, жерлерди, сугат сууларын, менчиктерди, жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери;

 

Чечимди кабыл алуу процессине жарандардын катышуусу. Айылды же аймакты өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүүгө жергиликтүү коомдордун ар түрдүү топторун натыйжалуу катыштырууну камсыз кылуу маанилүү. Жергиликтүү коомдордун муниципалдык ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелерине, жаратылыш ресурстарын жана аймакты өнүктүрүүгө натыйжалуу катышуусу маанилүү;

 

Жергиликтүү коомдордун ресурстарды башкаруусу. Ар бир айыл аймагынын маанилүү ресурстук базасын – жергиликтүү жаратылыш ресурстары, жер, кыймылсыз мүлк объектилери түрүндө муниципалдык менчик түзөт. Бардык ЖӨБ органдары жана алардын кызмат адамдары болгон ресурстук мүмкүнчүлүктү рационалдуу пайдалануунун жана өз аймагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуунун зарылдыгын билүүсү маанилүү.

 

Жергиликтүү деңгээлде бюджеттик саясат. Өз жеринде бюджеттик саясат көмөкпул алуучу аймактарды азайтууга жана өнүктүрүүгө багыт алышы керек. Жалпы мамлекеттик ресурстарды кайра бөлүштүрүүгө гана күчтү жумшабай, болгон ички резервдерди өстүрүү жана натыйжалуу пайдалануу керек, ал жергиликтүү өнүгүүгө, бюджеттик каражаттарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого, негизделбеген чыгымдарды кыскартууга багытталат.

 

Жергиликтүү экономикалык өнүгүү. ЖӨБ органдары, башкаруунун башкы субъектиси катары жергиликтүү экономикага инвестицияны тартууга, жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн жаңы куралдарын пайдаланууга көңүл бурушу керек. Жергиликтүү өнүгүүнүн колдонулган программалары аракет кылуунун максаттуу индикаторуна ээ болушу зарыл, жумушсуздук деңгээлин жана жакырчылыкты азайтууга, акыркы натыйжага багыт алып, орто класстын өсүүсү үчүн жагымдуу шарт түзүүсү кажет. Алар аймактык жана тармактык өнүгүү программалары, болгон ресурстарды рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануу менен дагы тыгыз байланышта болуусу керек.

 

Максаттуу топ. Мамлекеттик башкаруу органдары, ЖӨБ органдары, жергиликтүү коомдук уюмдар, эксперттик коом.

Өнөктөштөр: БӨУ, эксперттик коом, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелердин ортосундагы иштер боюнча мамлекеттик агенттиги, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги, профилдик ведомстволор, ЖӨБ органдары.

 

Сынактын негизги шарттары:

Сынакка бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардан (КБ, КФ, КЮЖ, Мекемелер, ККФ) долбоордук сунуштар кабыл алынат.

 

Долбоордун географиясы: Кыргыз Республикасы

 

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоонун жол-жоболору:

 

§ Долбоордук сунуштар СКФнын гранттык өтүнмөлөрүнүн формаларына дал келтирилип түзүлүп, басма жана электрондук түрдө берилиши зарыл.

 

§ Өтүнмө берүүчү уюм толтурулган өтүнмө менен коштолгон документтерин:

— СКФнын офисине алып келип берүү же почта аркылуу конвертке салып чаптап, долбоордун аталышын көрсөтүп, 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55-а, «Сорос-Кыргызстан» Фонду дарегине жөнөтүү

 

§ Өтүнмө орус жана кыргыз тилдеринде, 2014-жылдын 31-мартына чейин (дүйшөмбү) кошулуп, эс алуу жана майрам күндөрүнөн сырткары, күн сайын саат 9.00дөн 17.00гө чейин (түшкү эс алуу: 13.00–14.00) кабыл алынат. Долбоордук сунуштарды берүүнүн акыркы күнү өтүнмөлөр саат 15.00гө чейин кабыл алынат.

 

§ Аймактардан долбоордук сунуштарды көрсөтүлгөн мөөнөттө СКФга келип түшүүсү үчүн, жазуу жүзүндө, курьер, же почта аркылуу эртерээк жөнөтүү керек.

 

§ Өтүнмө берген учурда өтүнмө ээсинин салык төлөө боюнча салык инспекциясына карызы болбошу керек.

 

Гранттын максималдык суммасы 20 000 (жыйырма миң АКШ доллары) доллардан ашпоосу керек.

 

Өтүнмө документтердин толук эмес пакети менен болсо, СКФнын форматы боюнча эмес көрсөтүлдү деп эсептелип, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келген өтүнмөлөр каттоого алынбайт жана каралбайт.

 

Келген өтүнмөлөр рецензияланбайт жана кайтарып берилбейт.

Долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу Фонддун www.soros.kg сайтынын «Гранттар»бөлүмүндө жайгаштырылган.

 

Өтүнмөлөрдү тандоо Программанын Эксперттик комиссиясынын (мындан ары – ЭК) мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

 

СКФнын жол-жоболоруна ылайык долбоордук сунуштарды тандоо эки этапта өтөт. ЭК башталышында колдоого алына турган мүмкүнчүлүктүү долбоорлорду аныктайт. Мүмкүнчүлүктүү грант алуучулардын тизмеси түзүлгөндөн кийин Программа ЭК менен бирге тандалып алынган тизмедеги уюмдардын ар бирине алдын ала гранттык мониторинг өткөрүү үчүн барат, анын натыйжасында гранттык сынактын финалисттери аныкталат.

 

Өтүнмө орус жана кыргыз тилдеринде applications@soros.kg электрондук дареги боюнча же өтүнмө менен бирге документтердин пакети түрүндө, маалымат алып жүрүүчүлөрдө “Сорос-Кыргызстан” Фондунун офисинде кабыл алынат.

 

Сынакка катышуучу уюмдарды тандоонун критерийлери:

 

Мүмкүнчүлүктүү грант алуучулар – булар КР аймагында өз ишмердүүлүктөрүн ишке ашыруучу жергиликтүү коомдук коммерциялык эмес уюмдар.

 

Өтүнмөлөрдү тандоонун критерийлери:

 

§ Өтүнмөдө так коюлган практикалык максаттар, ошондой эле конкреттүү билинген натыйжалар болушу керек, ага жетүү үчүн эффективдүү методология камтылышы зарыл;

 

§ Өтүнмө сунушталган долбоордун кырдаалды жакшыртуучу таасирин, ошондой эле натыйжалуу долбоордук ишмердүүлүктүн индикаторун көрсөтүү менен максаттуу топко аны ишке ашыруунун таасирин так көрсөтүшү керек;

 

§ Өтүнмөлөр жүзөгө ашырылып жаткан ишмердүүлүктү кайталабастан, аны конструктивдүү толукташы керек;

 

§ Өтүнмөлөр техникалык жана финансылык чыгашалары жагынан туура болушу кажет;

 

§ Долбоордун административдик чыгымдары (административдик штаттын эмгек акысы жана офистик чыгымдар) долбоордун жалпы бюджетинин 30%ынан ашпоосу керек;

 

§ КР алыскы аймактарындагы уюмдардан келген өтүнмөлөр кубаттоо менен кабыл алынат.

 

Сынакка келип түшкөн өтүнмөлөр рецензияланбайт жана кайтарып берилбейт.  Сынактын шарттарына туура келбеген өтүнмөлөр Программанын эксперттик комиссиясы тарабынан каралбайт;

 

Долбоорлорду башкаруу жана мониторинг жүргүзүү:

 

Колдоого алынган долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтүнүн ичинде чыгармачылык жана финансылык отчеттордун, айлык отчеттордун жана көчмө жолугушуулардын негизинде аларга мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт.

 

Программанын кызматкерлери, СКФнын коомчулук менен байланыш координатору жана ЭК долбоордун алкагында уюштурулган (тегерек үстөлдөр, конференциялар, пресс-конференциялар, семинарлар) иш-чараларга катышат, андан кийин өз бааларын жана сунуштарын беришет.

 

Программанын кызматкерлери грант алуучудан ай сайын долбоордун календардык планына ылайык иш-чаралардын аткарылышы боюнча отчетторду алып турушат.

 

Программа долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча, долбоордун натыйжалуулугун көз карандысыз баалоону өткөрүүнү пландаштырууда.

 

Байланышуучу жак: Сулайманова Айнура, байланыш телефону: 0312663475 кошумча 147.