Ачык Коом” Фонддорунун Адам укуктары боюнча демилгеси жана “Сорос-Кыргызстан” Фонду
сынак жарыялайт
Сынактын максаты – жаш адамдардын идеяларын демилгелөө жана колдоо көрсөтүү аркылуу адам укуктарын өнүктүрүүгө, сактоого жана коргоого жаштардын катышуусуна көмөктөшүү.
Сынакка ким катыша алат?
- Сынактын бардык катышуучулары 14-28 жашка чейин болууга тийиш;
- Сынактын катышуучулары Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш;
- Долбоордун бюджети 200дөн-2000 АКШ долларына чейин болуш керек;
- Сынактын катышуучулары жергиликтүү Бей Өкмөт Уюмдарынын өнөктөштөрү катары конкурска катыша алышат, бирок Бей Өкмөт Уюмдар жаштардын атынан сынакка катушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес;
Гранттарды берүүдөгү артыкчылыктар
- Долбоордун идеясы түздөн-түз адам укуктарын коргоо, илгерилетүүгө тиешелүү жана төмөнкү багыттарда болушу керек:
— Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана эркиндиктери;
— Аялдардын укуктары;
— Жаштар жана укук коргоо системасы;
— Медициналык тейлөөгө тең укуктуу жетүү укугу;
— Искусство жана маданият, адам укуктарын алга илгерилетүүнүн куралы катары.
- Долбоорлор адвокациялык, маалыматтык, билим берүүчү мүнөздөрдү алып жүрүшү керек;
- Биз заманбап жана инновациялык идеялар үчүн ачыкбыз;
- Доблобооруңуздун бюджети реалдуу чыгымдарды камтыш керек;
- Каржылоо аяктагандан кийин туруктуу жана багытталган ишти улантып кете алуучу долбоорлор колдоого алынат.
Колдоого алынбоочу долбоорлор
- Тематикасы адам укуктарына арналбаган бардык долбоордук идеялар;
- Конференцияларга, семинарларга ж.б.у.с. иш-чараларга барып-келүү үчүн же мүчөлүк-акыны төлөөгө багытталган гранттар;
- Жеке бир адамдын илим даражасын, кандайдыр бир сертификат алуусун же курстардан өтүүсүн колдогон долбоорлор;
- Жаштардын атынан грант алуу үчүн кайрылган уюмдар же улуу курактагы адамдар;
- Долбоордун координаторунун маянасын камтыган долбоорлор колдоого алынбайт.
Эгер сиз конкурска катышууну чечсеңиз:
Долбоордун электрондук формасын орусча же кыргыз тилинде толтуруп, паспортуңуздун же болбосо туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктүн копиясын yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жибериңиз.
Долбоорлордун формасын тапшыруу мөөнөтү 2014-жылдын 02-июнунан 30-июнуна чейин
Долбоорлор кабыл алынган сайын текшерүүдөн өтүп, каржылана баштайт.Ошондуктан долбоорлорду эртерээк жибергенге аракет кылыңыздар!
Суроолор боюнча кайрылуучу дарек: elvirakalmurzaeva@gmail.com, (0312) 663475 (ички номер 133), 0550706918