Ачык Коом” Фонддорунун Адам укуктары боюнча демилгеси жана “Сорос-Кыргызстан” Фонду

сынак жарыялайт

 

 

Сынактын максаты – жаш адамдардын идеяларын демилгелөө жана колдоо көрсөтүү аркылуу адам укуктарын өнүктүрүүгө, сактоого жана коргоого жаштардын катышуусуна көмөктөшүү.

 

Сынакка ким катыша алат?

  • Сынактын бардык катышуучулары 14-28 жашка чейин болууга тийиш;
  • Сынактын катышуучулары Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш;
  • Долбоордун бюджети 200дөн-2000 АКШ долларына чейин болуш керек;
  • Сынактын катышуучулары жергиликтүү Бей Өкмөт Уюмдарынын өнөктөштөрү катары конкурска катыша алышат, бирок Бей Өкмөт Уюмдар жаштардын атынан сынакка катушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес;

 

Гранттарды берүүдөгү артыкчылыктар

 

  • Долбоордун идеясы түздөн-түз адам укуктарын коргоо, илгерилетүүгө тиешелүү жана төмөнкү багыттарда болушу керек:

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана эркиндиктери;

Аялдардын укуктары;

Жаштар жана укук коргоо системасы;

Медициналык тейлөөгө тең укуктуу жетүү укугу;

— Искусство жана маданият, адам укуктарын алга илгерилетүүнүн куралы катары.

 

  • Долбоорлор адвокациялык, маалыматтык, билим берүүчү мүнөздөрдү алып жүрүшү керек;
  • Биз заманбап жана инновациялык идеялар үчүн ачыкбыз;
  • Доблобооруңуздун бюджети реалдуу чыгымдарды камтыш керек;
  • Каржылоо аяктагандан кийин туруктуу жана багытталган ишти улантып кете алуучу долбоорлор колдоого алынат.

 

Колдоого алынбоочу долбоорлор

  • Тематикасы адам укуктарына арналбаган бардык долбоордук идеялар;
  • Конференцияларга, семинарларга ж.б.у.с. иш-чараларга барып-келүү үчүн же мүчөлүк-акыны төлөөгө багытталган гранттар;
  • Жеке бир адамдын илим даражасын, кандайдыр бир сертификат алуусун же курстардан өтүүсүн колдогон долбоорлор;
  • Жаштардын атынан грант алуу үчүн кайрылган уюмдар же улуу курактагы адамдар;
  • Долбоордун координаторунун маянасын камтыган долбоорлор колдоого алынбайт.

 

Эгер сиз конкурска катышууну чечсеңиз:

Долбоордун электрондук формасын орусча же кыргыз тилинде толтуруп, паспортуңуздун же болбосо туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктүн копиясын yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жибериңиз.

Долбоорлордун формасын тапшыруу мөөнөтү 2014-жылдын 02-июнунан 30-июнуна чейин

Долбоорлор кабыл алынган сайын текшерүүдөн өтүп, каржылана баштайт.Ошондуктан долбоорлорду эртерээк жибергенге аракет кылыңыздар!

Суроолор боюнча кайрылуучу дарек: elvirakalmurzaeva@gmail.com, (0312) 663475 (ички номер 133), 0550706918