Сынактын максаты – Кыргызстанда адам укуктарын коргоо жана алга жылдыруу жаатында коомдук уюмдардын демилгелерин колдоо.

 

Катышууга адам укуктарын коргоо жана алга жылдыруу жаатында ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу бейөкмөт уюмдар чакырылат.

 

Өтүнмөнүн долбоорлору ар түрдүү багытта болушу мүмкүн. Долбоордук ишмердүүлүк ар түрдүү тематикалардын алкагында, мыйзамдуулукту жакшыртууга; калкка тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө багытталган; адам укуктарын мониторингдөөгө байланышкан; калктын белгилүү топторунун укуктарын коргоо жана алга жылдыруу менен; Кыргызстандын географиялык аймактарынын баарын же белгилүү бөлүгүн камтыган жана башка ишмердүүлүктү камтышы мүмкүн. Тематикалык багыт төмөнкү багыттарды өзүнө камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:

  • саясий жана жарандык укуктар, анын ичинде тынчтык чогулуштарынын жана ассоциацияларынын эркиндиктери, пикирлердин, ынандыруулардын эркиндиктери жана аларды эркин айтуу, дин жана ишенимдердин эркиндиги, кыйноолордон жана ырайымсыз мамилелерден эркиндик, жашоого укук;
  • экономикалык, социалдык жана маданий укуктар, анын ичинде ден соолукка, турак-жайга, тамак-ашка жана суу менен жабдууга укук, жетиштүү жашоо деңгээли;
  • сот адилеттигин, натыйжалуу мамлекеттик башкарууну, отчеттуулукту, мыйзамсыздыкка жана коррупцияга каршы демилгелерди жүзөгө ашырууну кошуп, укуктук үстөмдүгү жана демократия;
  • соттордун жана адвокаттардын көз карандысыздыгы;
  • басмырлоого каршы;
  • балдардын укуктары;
  • жаштар;
  • аялдардын укуктары, гендердик маселелер жана башка аялуу топтор;
  • ДМЧАлардын укуктары;
  • укук коргоочуларды коргоо;
  • адам укуктары жаатында мониторингдөө жана иликтөө;
  • адам укуктары жана терроризмге каршы аракет;
  • климаттын өзгөрүшү жана курчап турган чөйрөнү коргоо;
  • бизнес жана адам укуктары;

 

Ар түрдүү топтор долбоордун максаттуу бенефициарлары болушу мүмкүн, иштин методологиясы төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок мамлекеттик түзүм, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өз алдынча жардамдашуу топтору, жергиликтүү демилгелүү топтор менен гана иштөө менен чектелбейт.

Жалаң гана билим берүү же агартуу мүнөзүн алып жүргөн демилгелер каралбайт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуунун жана тандоонун жол-жоболору:

 

  • Долбоордук сунуштар СКФнын гранттык өтүнмөлөрүнүн формасына ылайык түзүлүшү жана кагаз жүзүндө, электрондук түрдө берилиши керек:
    • Өтүнмө берүүчү уюмдун кагаз жүзүндө толтурулган өтүнмөсү жана коштомо документтери чапталган конвертте сынактын аталышы көрсөтүлүү менен СКФнын офисине берилиши, же почта жөнөтмөлөрү аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн, дареги: 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55-а, «Сорос-Кыргызстан» Фонду.
    • Өтүнмө берүүчү уюм электрондук түрдө толтурулган өтүнмөнү сканерден өткөрүлгөн коштомо документтер менен чогуу applications@soros.kg электрондук дарегине жөнөтө алат.
    • Өтүнмөлөр кыргыз жана орус тилдеринде күн сайын саат 9.00дөн 17.00гө чейин, дем алыш (ишемби, жекшемби) жана майрам күндөрүнөн сырткары, кабыл алынат;
    • Долбоордук сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2015-ж. 4-мартына, саат 15.00гө чейин;
    • Өтүнмө тапшыруу учурунда өтүнмө ээсинин салык төлөө боюнча салык инспекциясында карызы жок болушу керек;
    • Өтүнмө сынак аяктаган убактан тартып бир жарым айдын ичинде каралат;

Гранттын жогорку суммасы 20 000 $дан (жыйырма миң АКШ доллары) ашпоого тийиш.

Гранттык өтүнмөнүн формасын, өтүнмө жазууга сунуштарды жана долбоордук сунуштарды кабыл алуу, тандоо жол-жоболорун www.soros.kg сайтынан кароого жана көчүрүп алууга болот.

 

Документтердин толук эмес пакети, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келген өтүнмөлөр каттоого кабыл алынбайт жана каралбайт.

 

Кабыл алынган өтүнмөлөр рецензияланбайт жана кайтарып берилбейт.

 

Байланышуучу жак: Конулькулов Эмиль, Укуктук программанын координаторуemil@soros.kg

«Сорос-Кыргызстан» Фонду
720040, Бишкек ш., Логвиненко көч, 55-а
тел. (996-312) 312 66 42 49; 66 34 75;  66 43 06;  66 34 95;  66 43 46;  66 42 18 (доб.109)
факс (996-312) 66-34-48