“Сорос-Кыргызстан” Фонду Жаштар программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын жаштар коомдук уюмдарынын* арасында гранттык сынак жарыялайт (Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары).
*Коомдук уюм – коомдук бирикме, коомдук фонд же юридикалык жактардын бирикмеси деген юридикалык статусу бар бейөкмөттүк уюм.
1. Сынактын максаты:
КР аймактарында жаштардын жарандык активдүүлүктөрүн жогорулатуу жана аларды позитивдүү социалдык өзгөрүүлөргө тартуу.
2. Сынактын милдеттери:
- Жаштардын иш-чараларын өткөрүү аркылуу коомдук социалдык көйгөйлөргө жаштардын көңүлүн буруу;
- Мотивациялык жолугушуулар, шыктандыруучу иш-чаралар аркылуу социалдык-маанилүү жаштар демилгелерине катышууга жаштардын кызыкчылыктарын жогорулатуу;
- Жаштар долбоорлорун ишке ашырууга катышуу аркылуу жаш адамдарды өзүнүн коомундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу;
- Байланыш аянтчасын уюштуруу аркылуу өзүнүн кызыкчылыктарын алга жылдырууга жана өзүнүн идеяларын ишке ашырууга жаштар менен башка негизги тараптардын (мамлекеттик органдар, бизнес-коомдоштуктар ж.б.) натыйжалуу өз ара байланыштары үчүн шарттарды түзүү;
3. Сынактын негизги темалары:
- Урбанистика (коомдук мейкиндикти өнүктүрүү, жарандардын жана муниципалитеттин өз ара аракеттери, шаардык жашоочунун маданиятын алга жылдыруу);
- Жаш адамдардын арасында адам укуктарын түшүнүүнү жогорулатуу;
- Искусство жана маданият (форум-театрлар, альтернативдик перфоманстар, көчө окуялары);
- Дени сак жашоо образы (ДЖОну даңазалоого багытталган демилгелер);
- Экология (акциялар, флешмобдор, фестивалдар ж.б.);
- Социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн өз ара аракеттердин форматтарын жана жаңы технологияларды пайдалануу (BarCamp, Hackathon и др.).
Сынактын шарттары:
- Долбоордук демилгелер сынактын бир же бир нече милдеттерин чечүүгө багытталышы мүмкүн;
- Долбоордук сунуштар Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболоруна ылайык таризделиши керек (ушул Жобонун 6-пунктун кара);
- Долбоорду кошумча финансылоо бар болгондо, долбоорду кошумча финансылаган уюм менен келишимдин (макулдашуу, меморандум) көчүрмөсүн тиркөө керек;
- Сунушталган долбоордун бюджети: 5 000ден 20 000ге чейин АКШ доллары;
- Грантты берүүнүн болжолдуу мөөнөтү: 2015-жылдын апрель-майы.
- Долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөтү: 2015-жылдын 31-декабры.
5. Өтүнмөлөрдү тандоонун критерийлери:
- Долбоордук идеялардын сынактын бир же бир нече милдеттерине дал келиши;
- Теманын актуалдуулугу (долбоор максаттуу топтун керектөөлөрүн баалоого негизделиши керек);
- Көрсөтүлгөн көйгөйдү чечүүдө жаңы мамилелерди пайдалануу;
- Көйгөйдү чечүүдө мамлекеттик түзүмдөр жана/же башка кызыкдар уюмдар менен өз ара аракеттешүү;
- Долбоордун жыйынтыгына, аны ишке ашыруу мөөнөтүнүн аралыгында жетишүү;
- Долбоордун натыйжасынын туруктуулугу жана узак мезгилдүүлүгү;
- Тобокелдиктерди көрө билүү жана аны жоюунун планынын бар болушу;
- Чыныгы, негизделген бюджет.
6. Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:
- Долбоордук сунуштар (өтүнмө жана бюджет) гранттык өтүнмөнүн (http://soros.kg/grantovaya-deyatel-nost/osnovny-e-grantovy-e-dokumenty) формасына ылайык электрондук жана жазуу жүзүндө таризделиши керек.
- Долбоордук сунуштар 2015-жылдын 4-мартына, саат 15:00гө чейин дем алыш жана майрам күндөрүнөн сырткары, күн сайын кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.
- Толтурулган электрондук түрдөгү өтүнмөнү жана бюджетти “Жаштар программасы боюнча — Аймактар сынагына” белгиси менен, сканерден өткөрүлгөн коштомо документтер менен бирге applications@soros.kg электрондук дарегине, ал эми жазуу жүзүндөгүнү – коштомо документтер менен бирге, КР, 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55-А, «Сорос-Кыргызстан» Фондуна жөнөтүү керек.
- Толук эмес толтурулган жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылган өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт.
- Аймактардан жазуу жүзүндөгү долбоордук сунуштарды, алар көрсөтүлгөн мөөнөттө СКФга келип түшүүсү үчүн курьер, же почта менен эретерээк жөнөтүү керек.
- Долбоорлорду тандоо СКФнын Жаштар программасынын Эксперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
- Гуманитардык жардам көрсөтүү, курулуш, социалдык объектилерди оңдоо же кайра куруу боюнча долбоордук сунуштар, ошондой эле саясий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү тууралуу долбоорлор каралбайт.
- Долбоордук сунуштар кайтарып берилбейт жана рецензияланбайт.
Байланышуучу жактар:
Баглан Мамаев тел.: (312) 66-34-75 кошумча 104 baglan@soros.kg
Елена Татаркова тел.: (312) 66-34-75 кошумча 146 etatarkova@soros.kg