“Сорос-Кыргызстан” Фонду Жаштар программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын жаштар коомдук уюмдарынын* арасында гранттык сынак жарыялайт (Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары).

 

*Коомдук уюм – коомдук бирикме, коомдук фонд же юридикалык жактардын бирикмеси деген юридикалык статусу бар бейөкмөттүк уюм.

 

1. Сынактын максаты:

КР аймактарында жаштардын жарандык активдүүлүктөрүн жогорулатуу жана аларды позитивдүү социалдык өзгөрүүлөргө тартуу.

 

2. Сынактын милдеттери:

  • Жаштардын иш-чараларын өткөрүү аркылуу коомдук социалдык көйгөйлөргө жаштардын көңүлүн буруу;
  • Мотивациялык жолугушуулар, шыктандыруучу иш-чаралар аркылуу социалдык-маанилүү жаштар демилгелерине катышууга жаштардын кызыкчылыктарын жогорулатуу;
  • Жаштар долбоорлорун ишке ашырууга катышуу аркылуу жаш адамдарды өзүнүн коомундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу;
  • Байланыш аянтчасын уюштуруу аркылуу өзүнүн кызыкчылыктарын алга жылдырууга жана өзүнүн идеяларын ишке ашырууга жаштар менен башка негизги тараптардын (мамлекеттик органдар, бизнес-коомдоштуктар ж.б.) натыйжалуу өз ара байланыштары үчүн шарттарды түзүү;

 

3. Сынактын негизги темалары:

  • Урбанистика (коомдук мейкиндикти өнүктүрүү, жарандардын жана муниципалитеттин өз ара аракеттери, шаардык жашоочунун маданиятын алга жылдыруу);
  • Жаш адамдардын арасында адам укуктарын түшүнүүнү жогорулатуу;
  • Искусство жана маданият (форум-театрлар, альтернативдик перфоманстар, көчө окуялары);
  • Дени сак жашоо образы (ДЖОну даңазалоого багытталган демилгелер);
  • Экология (акциялар, флешмобдор, фестивалдар ж.б.);
  • Социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн өз ара аракеттердин форматтарын жана жаңы технологияларды пайдалануу (BarCamp, Hackathon и др.).

 

Сынактын шарттары:

  • Долбоордук демилгелер сынактын бир же бир нече милдеттерин чечүүгө багытталышы мүмкүн;
  • Долбоордук сунуштар Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболоруна ылайык таризделиши керек (ушул Жобонун 6-пунктун кара);
  • Долбоорду кошумча финансылоо бар болгондо, долбоорду кошумча финансылаган уюм менен келишимдин (макулдашуу, меморандум) көчүрмөсүн тиркөө керек;
  • Сунушталган долбоордун бюджети: 5 000ден 20 000ге чейин АКШ доллары;
  • Грантты берүүнүн болжолдуу мөөнөтү: 2015-жылдын апрель-майы.
  • Долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөтү: 2015-жылдын 31-декабры.

 

5. Өтүнмөлөрдү тандоонун критерийлери:

  • Долбоордук идеялардын сынактын бир же бир нече милдеттерине дал келиши;
  • Теманын актуалдуулугу (долбоор максаттуу топтун керектөөлөрүн баалоого негизделиши керек);
  • Көрсөтүлгөн көйгөйдү чечүүдө жаңы мамилелерди пайдалануу;
  • Көйгөйдү чечүүдө мамлекеттик түзүмдөр жана/же башка кызыкдар уюмдар менен өз ара аракеттешүү;
  • Долбоордун жыйынтыгына, аны ишке ашыруу мөөнөтүнүн аралыгында жетишүү;
  • Долбоордун натыйжасынын туруктуулугу жана узак мезгилдүүлүгү;
  • Тобокелдиктерди көрө билүү жана аны жоюунун планынын бар болушу;
  • Чыныгы, негизделген бюджет.

 

6. Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:

  • Долбоордук сунуштар (өтүнмө жана бюджет) гранттык өтүнмөнүн (http://soros.kg/grantovaya-deyatel-nost/osnovny-e-grantovy-e-dokumenty) формасына ылайык электрондук жана жазуу жүзүндө таризделиши керек.
  • Долбоордук сунуштар 2015-жылдын 4-мартына, саат 15:00гө чейин дем алыш жана майрам күндөрүнөн сырткары, күн сайын кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.
  • Толтурулган электрондук түрдөгү өтүнмөнү жана бюджетти “Жаштар программасы боюнча — Аймактар сынагына” белгиси менен, сканерден өткөрүлгөн коштомо документтер менен бирге applications@soros.kg электрондук дарегине, ал эми жазуу жүзүндөгүнү – коштомо документтер менен бирге, КР, 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55-А, «Сорос-Кыргызстан» Фондуна жөнөтүү керек.
  • Толук эмес толтурулган жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылган өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт.
  • Аймактардан жазуу жүзүндөгү долбоордук сунуштарды, алар көрсөтүлгөн мөөнөттө СКФга келип түшүүсү үчүн курьер, же почта менен эретерээк жөнөтүү керек.
  • Долбоорлорду тандоо СКФнын Жаштар программасынын Эксперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
  • Гуманитардык жардам көрсөтүү, курулуш, социалдык объектилерди оңдоо же кайра куруу боюнча долбоордук сунуштар, ошондой эле саясий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү тууралуу долбоорлор каралбайт.
  • Долбоордук сунуштар кайтарып берилбейт жана рецензияланбайт.

 

 

Байланышуучу жактар:

Баглан Мамаев         тел.: (312) 66-34-75 кошумча 104   baglan@soros.kg

Елена Татаркова       тел.: (312) 66-34-75 кошумча 146   etatarkova@soros.kg