“Маалымат эркиндиги” программасы “Мыкты ачык билим берүү ресурсу (АБР)” сынагынын башталганы жөнүндө жарыялайт

Сынакка өбөлгө: АБР пайдалануучулар үчүн алардын эне тилинде бөтөнчө жергиликтүү контентти түзүүдө өзгөчө актуалдуу болгон билим берүү ресурстарынын мүмкүн болушунча кеңейтилген спектрин түзүү жана биргелешип пайдалануу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Локалдуу ачык билим берүү ресурстарын түзүү АБРдин бөлүгүнүн маанилүү түзүүчүсү дагы болуп саналат. Бөтөнчө локалдуу контенттин көпчүлүк саны жалпы пайдалануучулар үчүн жеткиликсиз боюнча калууда, ошол эле убакта ачык лицензиялоо жергиликтүү тилдерде санариптик контенттин санын кеңейтүүгө мүмкүндүк түзмөк.

Сынактын максаты: билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган жергиликтүү АБРдин санын жана сапатын жогорулатуу үчүн АБРди түзүүдө, ыңгайлаштырууда жана жайылтууда кадимки пайдалануучулардын, китептердин авторлорунун, окутуучулардын, иштеп чыгуучулардын жана башка активисттердин катышуусун өбөлгөлөө.

Сынактын милдеттери: төмөндөгүлөр милдеттери болуп саналган долбоорлорду колдоо:

               Ачык билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу/ыңгайлаштыруу;

               Билим берүү контентинин жергиликтүү авторлоруна өздөрүнүн ачык лицензиядагы иштерин санарипке өткөрүүгө жана жайылтууга колдоо көрсөтүү;

               Жергиликтүү тилдерде АБРди жайылтуу үчүн технологияларды иштеп чыгуу жана жайылтуу;

               АБРдин мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө пайдалануучулар арасында кабарлоону жогорулатуу үчүн куралдарды түзүү;

               Институттар, автордук жамааттардын ортосунда АБРди иштеп чыгуу чөйрөсүндө кызматташууга көмөктөшүү ж.б.

Сынактын шарттары:

1.            Сынактын катышуучулары: коммерциялык эмес уюмдар гана (КБ, КФ, ЮЖБ, Ишканалар, КФБ).

2.            Катышуу боюнча чектөө: гранттын суммасы 20 000 долларга чейин.

Сынактык долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү: 1 жылдан ашык эмес.

Өтүнмөлөрдү тандоонун критерийлери:

               долбоордун актуалдуулугу жана маанилүүлүгү;

               бардык этаптарына максаттуу топторду активдүү тартуу, кызыкдар өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүнүн бар болушу;

               конкреттүү кырдаалда долбоорду аткаруунун реалдуулугу;

               сунушталган иш-чаралардын креативдүүлүгү жана инновациялуулугу;

               долбоор конкреттүү проблемаларды козгошу жана конкреттүү натыйжаларга ээ болушу керек;

Күтүлгөн натыйжалар. Долбоорлор АБР кайрадан түзүлгөн же ыңгайлашкан түйүнгө кирүүгө мүмкүн болуп даңазаланышы керек, АБРди керектөө таламын жана талап сурамын түзүү, салттуу билим берүү ресурстарынын иштеп чыгуучуларынын АБРди түзүүгө катышуусун жогорулатуу.

Сынакты өткөрүүнү техникалык коштоо:

               Сынак эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта жалпы концепция жана чыгымдардын негизги статьялары менен бюджет гана кабыл алынат (А тиркемеси). Экинчи этапта, тандалып алынган өтүнмөлөр үчүн гана СКФнын гранттык өтүнмөлөрүнүн формаларына ылайык басма жана электрондук түрдө берилген долбоордук сунуштарды жана коштомо документтердин толук пакетин берүүгө сурам жасалат.

               Долбоордун толтурулган концепциясын электрондук түрдө e-mail: mtokocheva@soros.kgге каттын темасын: “Мыкты ачык билим берүү ресурсу” сынагына деп, 2015-жылдын 3-апрелине, 17:00гө чейин жөнөтүү керек.

 

Долбоордун грантынын максималдуу суммасы 20 000 $ (жыйырма миң АКШ долларынан) ашпашы керек.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин алынган долбоорлордун концепциясы каттоого кабыл алынбайт жана каралбайт.