Ачык Коом» Фонддорунун адам укуктары боюнча демилгеси жана
«Сорос-Кыргызстан» Фонду сынак жарыялайт
Жаштар үчүн жеке кичи-гранттар (Youth Action Fund)
Сынактын максаты – жаштардын идеяларын ишке ашырууларына дем берүү жана колдоо көрсөтүү аркылуу алардын адам укуктарын жакшыртууга, сактоого жана коргоого катышууларына көмөк көрсөтүү.
Грантты алууга ким катыша алат
- Бардык кайрылуучулар16 жаштан 28 жашка чейин болушу керек
- Кайрылуучулар Кыргыз Республикасынын жарандары болуулары зарыл
- Долбоордун бюджети 600дөн 2000 АКШ долларына чейин болуусу керек
- Жаш катышуучулар жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыкта иш алып барышса болот, бирок өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жаштардын атынан берилген кайрылуулар кабыл алынбайт
Гранттарды берүүдөгү артыкчылыктар:
Долбоордук идеянын темасы төмөндөгү багыттардагы адам укуктарын коргоо жана жакшыртуу чөйрөсү менен тикелей байланышуусу керек:
— Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактардын укуктары жана эркиндиктери;
— Аялдардын укуктары;
— Жаштар жана укук коргоо түзүмү;
-Медициналык тейлөөнүн бирдей жеткиликтүүлүгүнө болгон укук;
— Искусство жана маданият адам укуктарын жакшыртуу каражаты катары;
— Татыктуу жашоо деңгээлине болгон укук;
- Долбоорлор адвокациялык, маалыматтык жана билим берүүчүлүк мүнөзгө ээ болсо болот.
- Сиздин долбоор адам укуктары боюнча жергиликтүү, улуттук, аймактык жана эл аралык ченемдик укуктук актыларга таянуулары керек. Долбоор төмөндөгү нерселерди түшүндүрүп бериши керек: сиздин иш кандай жол менен адам укуктарын жакшыртууга, мыйзамдарды ишке ашырууга жана адам укуктарынын негизги принциптеринин жана мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
- Биз заманбап жана инновациялык жолдор жана идеялар үчүн ачыкпыз. Сиздин долбоор төмөндөгү ыкмаларды камтыса болот, бирок алар менен гана чектелип калбашы керек: хип-хоп, интеллектуалдык иш-чаралар, театралдык көрсөтүүлөрдөгү жаңычылдык, street art, фильмдер, комикстер ж.б.
- Сиздин долбоордун бюджети реалдуу болушу керек жана зарыл болгон гана чыгымдарды камтышы керек.
- Каржылоо токтогондон кийин дагы улантууга мүмкүн болгон долбоорлорго артыкчылык берилет.
Колдоого алынбаган долбоорлор:
- Адам укуктары тематикасын камтыбаган бардык долбоордук идеялар;
- Конференцияларга, семинарларга ж.б. катышуу же аларга төлөмдөрдү караган ж.б. гранттар;
- Илимий даража, кандайдыр бир күбөлүктөрдү алуу, бир адамдын курстардан өтүүсү;
- Жаштардын атынан кайрылган уюмдар же улуу адамдар;
- Кайрылуучу адамдын айлык маянасын камтыган долбоорлор;
- Семинарларды, тегерек столдорду, тренингдерди жана ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө негизделген долбоорлор;
Эгерде Сиз кайрылууну чечсеңиз
Кайрылууну орус же кыргыз тилдеринде толтуруп, Сиздин паспортуңуздун же туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүгүңүздүн көчүрмөсүн
тиркеп, yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жибериңиз.
Кайрылууларды жиберүүнүн мөөнөтү 2015-жыл, 4-июндан 30-июнга чейин.
Кайрылуулар келип түшкөн маалдан тартып каралат жана каржылана баштайт. Андыктан. кайрылууну азыртан баштап тапшырыңыз!
Маалымат үчүн байланыш: chorobekovaz@gmail.com, (0312) 663475 (ички номер133), 0550 947394