Ачык Коом» Фонддорунун адам укуктары боюнча демилгеси жана

«Сорос-Кыргызстан» Фонду сынак жарыялайт

Жаштар үчүн жеке кичи-гранттар (Youth Action Fund)

 

YAF_A4_Flyers_16_kgСынактын максаты – жаштардын идеяларын ишке ашырууларына дем берүү жана колдоо көрсөтүү аркылуу алардын адам укуктарын жакшыртууга, сактоого жана коргоого катышууларына  көмөк көрсөтүү.

 

Грантты алууга ким катыша алат

 

  • Бардык кайрылуучулар16 жаштан 28 жашка чейин болушу керек
  • Кайрылуучулар Кыргыз Республикасынын жарандары болуулары зарыл
  • Долбоордун бюджети 600дөн 2000 АКШ долларына чейин болуусу керек
  • Жаш катышуучулар жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыкта иш алып барышса болот, бирок өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жаштардын атынан берилген кайрылуулар кабыл алынбайт

 

Гранттарды берүүдөгү артыкчылыктар:

 

Долбоордук идеянын темасы төмөндөгү багыттардагы адам укуктарын коргоо жана жакшыртуу чөйрөсү менен тикелей байланышуусу керек:

 

— Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактардын укуктары жана эркиндиктери;

— Аялдардын укуктары;

— Жаштар жана укук коргоо түзүмү;

-Медициналык тейлөөнүн бирдей жеткиликтүүлүгүнө болгон укук;

— Искусство жана маданият адам укуктарын жакшыртуу каражаты катары;

— Татыктуу жашоо деңгээлине болгон укук;

 

  • Долбоорлор адвокациялык, маалыматтык жана билим берүүчүлүк мүнөзгө ээ болсо болот.
  • Сиздин долбоор адам укуктары боюнча жергиликтүү, улуттук, аймактык жана эл аралык ченемдик укуктук актыларга таянуулары керек. Долбоор төмөндөгү нерселерди түшүндүрүп бериши керек: сиздин иш кандай жол менен адам укуктарын жакшыртууга, мыйзамдарды ишке ашырууга жана адам укуктарынын негизги принциптеринин жана мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
  • Биз заманбап жана инновациялык жолдор жана идеялар үчүн ачыкпыз. Сиздин долбоор төмөндөгү ыкмаларды камтыса болот, бирок алар менен гана чектелип калбашы керек: хип-хоп, интеллектуалдык иш-чаралар, театралдык көрсөтүүлөрдөгү жаңычылдык, street art, фильмдер, комикстер ж.б.
  • Сиздин долбоордун бюджети реалдуу болушу керек жана зарыл болгон гана чыгымдарды камтышы керек.
  • Каржылоо токтогондон кийин дагы улантууга мүмкүн болгон долбоорлорго артыкчылык берилет.

 

Колдоого алынбаган долбоорлор:

 

  • Адам укуктары тематикасын камтыбаган бардык долбоордук идеялар;
  • Конференцияларга, семинарларга ж.б. катышуу же аларга төлөмдөрдү караган ж.б. гранттар;
  • Илимий даража, кандайдыр  бир күбөлүктөрдү алуу, бир адамдын курстардан өтүүсү;
  • Жаштардын атынан кайрылган уюмдар же улуу адамдар;
  • Кайрылуучу адамдын айлык маянасын камтыган долбоорлор;
  • Семинарларды, тегерек столдорду, тренингдерди жана ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө негизделген долбоорлор;

 

Эгерде Сиз кайрылууну чечсеңиз

 

Кайрылууну орус же кыргыз тилдеринде  толтуруп, Сиздин паспортуңуздун же туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүгүңүздүн көчүрмөсүн

тиркеп,  yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жибериңиз.

 

Кайрылууларды жиберүүнүн мөөнөтү 2015-жыл, 4-июндан 30-июнга чейин.

 

Кайрылуулар келип түшкөн маалдан тартып каралат жана каржылана баштайт. Андыктан. кайрылууну азыртан баштап тапшырыңыз!

 

Маалымат үчүн байланыш: chorobekovaz@gmail.com,  (0312) 663475 (ички номер133), 0550 947394