10370972_788752354470432_1088458282093881227_n«Ачык Коом» Фонддорунун Адам Укуктары Демилгеси жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду Жаштар демилгелерин колдоо фондунун алкагында YAF – 2016 сынагын жарыялайт.

 Жаштар демилгелерин колдоо фонду (YAF) – бул Кыргызстандын аймагында жаштардын демилгелерин колдоого багытталган жеке кичи грант болуп саналат. YAF  жаш лидерлердин жаңы муунун өнүктүрүүгө жана алардын өлкөдөгү адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча иштерге жигердүү катышуусуна колдоо көрсөтөт.

Катышуучуларга коюлган талаптар:

 

—         Сынакка 16 жаштан 28 жашка чейинки улан-кыздар катыша алышат;

—         Катышуучулар Кыргыз Республикасынын жарандары болуусу керек.

 

Долбоорлорго коюлган талаптар:

 

  • Долбоор сиз чечүүнү каалаган адам укуктары чөйрөсүндөгү (сиздин айылда, райондо, шаарда) так аныкталган маселени көтөрүп чыгуусу зарыл;
  • Долбоорлордун алкагында карала турган багыттар: мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары; аялдардын укуктары; жаштар жана сот системасы; саламаттыкты сактоого болгон укук/саламаттыкты сактоо кызматтарынан пайдалануунун жеткиликтүүлүгү; балдар укуктары ж.б.
  • Долбоорлор адвокациялык, маалыматтык, билим берүүчүлүк мүнөзгө ээ боло алат;
  • Долбоорлор адам укуктары боюнча белгилүү бир жергиликтүү, улуттук, аймактык жана/же эл аралык мыйзамдарга, келишимдерге же конвенцияларга таянуусу керек;
  • Долбоорлор аныкталган маселени чечүүдө жаңычылдыкты жана изденүүчүлүктү көрсөтүүсү зарыл, мисалы, искусство аркылуу (рэп, театр, хип-хоп, бийлердин ар кандай түрлөрү, графикалык искусство, комикстер, көчө искусствосу, фотосүрөттөр, фильмдер), технологиялар аркылуу (хакатондор, видео оюндар, мобилдик тиркемелер) жана массалык маалымат каражаттары аркылуу (социалдык медиа, жарандык журналистика, телевидение);
  • Адам укуктары чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүгө мурун катышпаган адамдарды камтыган долбоорлорго артыкчылык берилет;
  • Адам укуктары жана укуктарды коргоо зарылчылыгы боюнча идеяларды коомго жеткире ала турган долбоорлорго артыкчылык берилет;
  • Туруктуулукту жана каржылоонун мүмкүн болгон башка булактарын  (жергиликтүү) көрсөтө алган долбоорлорго артыкчылык берилет;
  • Долбоордун бюджети $600 доллардан $2,000 долларга чейин болуш керек;
  • Гранттарды берүүнүн болжолдонгон мөөнөтү: июль, 2016. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2016-жылы 30-октябрга чейин болушу керек.

 

Колдоого алынбай турган долбоорлор:

  • Адам укуктарына тикелей байланышпаган долбоорлор;
  • Долбоордун алкагында бир гана кайрымдуулук көрсөтүүнү, тегерек столдорду, семинарларды, лекцияларды, мастер класстарды, тренингдерди өткөрүүнү, кол өнөрчүлүк же ага окшогон иш-чараларды караган долбоорлор;
  • Юридикалык жактардан келип түшкөн сунуштар;

 

Төмөндөгү чыгымдар каржыланбайт:

  • Конференциялар, семинарлар, тренингдер, ж.б. үчүн билет же катышуу баалары.
  • Окуу үчүн стипендиялар, сертификаттар же курстан окуу баалары.
  • Долбоорду берген адамдын айлык-маянасы.

 

Долбоордук сунушту берүүнүн акыркы күнү: саат 17:00, 1-апрель  2016-ж.

 

Долбоордук сунушту кандай берүүгө болот?:

 

Форманы орус же кыргыз тилдеринде толтуруп, 2 беттен ашпаган резюмениңизди, паспортуңуздун же туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүгүӊүздүн көчүрмөсүн тиркеп, yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине салып жибериңиз.

 

Кошумча маалымат байланыштары: chorobekovaz@gmail.com,  (0312) 663475 (133 ички), 0550 947394