«Сорос-Кыргызстан» фонду Укуктук программанын алкагында

«Адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо» темасында

гранттык конкурстун башталганын жарыялайт

 

Конкурстун максаты – укук коргоо ишмердигин колдоо аркылуу адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына коомдук көзөмөлдү күчөтүү. Реформалоо процессине эксперттик колдоо көрсөтүү, талдоо, мониторинг жасоо, эдвокаси (илгерилетүү иш-аракеттеринин топтому) жана чагылдыруу, ошондой эле адам укуктарынын жана эркиндиктеринин жалпы таанылган стандарттарын илгерилетүү аркылуу улуттук реформалоо процесстерине катышууга багытталган демилгелер колдоого алынат.

 Конкурска катышууга адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү жаатында ишмердик жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюмдар чакырылат.

Билдирмелердин долбоорлору түрдүү багытта болушу мүмкүн. Долбоордук билдирме түрдүү тематикалардын алкагында төмөнкү багыттарды камтый алат: Кыргызстандын тиешелүү бир аймагын же бүтүндөй географиялык аймагын камтыган, адам укуктарына мониторинг жасоо; калктын тиешелүү топторунун укуктарын коргоо жана илгерилетүү менен байланышкан калкка кызмат көрсөтүү ж.б. Билдирмелер тематикалык жактан төмөнкү багыттарды камтыйт, бирок булар менен гана чектелбейт:

  • саясий жана жарандык укуктар, анын ичинде тынч жол менен чогулуулардын жана ассоциациялардын эркиндиги, пикирлердин, ойлордун эркиндиги жана аларды эркин чагылдыра алуу, дин тутуунун жана ишенимдердин эркиндиги, кыйноолордон жана мыкаачылык мамиледен эркиндик, жашоого болгон укук;
  • экономикалык, социалдык жана маданий укуктар, анын ичинде ден соолукка, турак жайга, тамактанууга жана суу менен камсыз болууга, жетиштүү жашоо деңгээлине болгон укук;
  • укуктар менен демократиянын үстөмдүгү, буга сот адилеттигине жетүү, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, отчеттуулук, жазасыз калууга жана жемкордукка (коррупция) каршы демилгелер да кирет;
  • соттор менен адвокаттардын көз карандысыздыгы;
  • укукту тебелөөгө каршылык (антидискриминация);
  • балдардын укуктары;
  • жаштар;
  • аялдардын укуктары, гендердик маселелер жана башка аяр топтор;
  • ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (ДМЧА) укуктары;
  • укук коргоочуларды коргоо;
  • адам укуктары жаатындагы мониторинг жана иликтөө иштери;
  • адам укуктары жана терроризмге каршы туруу;
  • климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо;
  • бизнес жана адам укуктары;
  • ички эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо;

Долбоордун максаттуу пайда көрүүчүлөрү (бенефициарлары) түрдүү топтор болушу мүмкүн, иштин методологиясы мамлекеттик түзүмдөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өз ара жардам берүү топтору, жергиликтүү демилгечи топтор менен болгон иштерди камтышы мүмкүн, бирок булар менен гана чектелбейт.

Билим берүү жана агартуу мүнөзүндөгү гана демилгелер каралбайт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жобосу:

 

  • Долбоордук билдирмелер «Сорос-Кыргызстан» фондунун (СКФ) гранттык билдирмесинин формасына ылайык түзүлүшү, кагаз жана электрондук түрдө берилиши керек:
    • Кагаз түрүндө толтурулган билдирмени жана аны коштогон документтерди билдирме берүүчү уюм СКФнын офисине берет же почто аркылуу чапталган конвертте конкурстун атын жазып, төмөнкү дарекке жөнөтө алат: 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55-а, «Сорос-Кыргызстан» фонду.
    • Билдирме берүүчү уюм электрондук түрдө толтурулган билдирмени сканерленген коштомо документтери менен бирге applications@soros.kg электрондук дарегине жөнөтө алат.
  • Билдирмелер дем алыш (ишемби, жекшемби) жана майрамдардан башка күндөрү 9:00дөн 17:00гө чейин кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынат;
  • Долбоордук сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү 2017-жылдын 1-марты, 15:00гө чейин;
  • Билдирмени берүү учурунда билдирме берүүчүнүн салык инспекциясына салыктарды төлөө боюнча карызы болбошу зарыл;
  • Билдирмелер конкурс аяктагандан баштап бир жарым ай ичинде каралат.

Гранттын эң жогорку (максималдык) суммасы 20 000 (жыйырма миң) АКШ долларынан ашпашы керек.

Гранттык билдирменин формасын, билдирмелерди жазууга карата сунуштарды жана долбоордук сунуштарды кабыл алуу, тандоо жол-жоболорун www.soros.kg сайтынын «Гранттар» бөлүмүнөн караңыз жана өзүңүзгө чыгарып алсаңыз болот.

 Документтердин толук эмес пакети, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келген билдирмелер катталбайт жана каралбайт.

Алынган билдирмелер рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт.

 Байланышуучу адам: Эмиль Конулькулов, Укуктук программанын координатору: emil@soros.kg

«Сорос-Кыргызстан» фонду
720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55-а
тел. (996-312) 312 66 42 49; 66 34 75; 66 43 06; 66 34 95; 66 43 46; 66 42 18 (кош.109)
факс (996-312) 66-34-48