«Сорос-Кыргызстан» Фонду өкмөттүк эмес уюмдар арасында «Кыргызстанда медиа сабаттуулукту өркүндөтүү боюнча демилгелер» гранттык сынагын жарыялайт.

  1. Сынактын өбөлгөлөрү

Медиа сабаттуулук – бул маалыматты талдоо, ага баа берүү жана кабарларды ар түрдүү формада жеткирүү жөндөмү. 2017-жылдын аягында Медиа Полиси Институту «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен калктын медиа сабаттуулук деӊгээлин баалоо боюча изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөнүн максаты калктын ар түрдүү топторунун медиа сабаттуулук деӊгээлинин баштапкы абалын аныктоо, медиа сабаттуулуктун деӊгээлин жана мүнөзүн аныктай турган контекстти жана тышкы чөйрөнү талдоо болуп саналган. Изилдөөгө ылайык, «Кыргызстан жана анын жарандары өзгөрүлүп турган маалыматтык реалийлерге даяр эмес, өзгөчө, эффективдүү жана маалыматтык жактан жоопкерчиликтүү жаран болууга мүмкүндүк бере турган компетенцияларга ээ эмес болуп чыкты». Тактап айтканда, сөз маалыматтарды жана билимдерди алууга мүмкүндүк бере турган билимдердин, көрсөтмөлөрдүн, жөндөмдөрдүн жана көндүмдөрдүн жыйындысы, аларды мыйзам алкагында жана этикалык ченемдерге ылайык жана адам укуктарын сактоо менен бирге максималдуу жыйынтык чыгаруу үчүн талдоо, баалоо, колдонуу, түзүү жана таркатуу тууралуу жүрүп жатат.

Кыргызстанда медиа сабаттуулуктун деӊгээлин көндүм катары да жогорулатуу, ошондой эле, медиа сабаттуулукту өзүнчө багыт катары да өнүктүрүү боюнча учурдагы иш-аракеттер баштапкы стадияда турат. Медиа сабаттуулук Кыргызстанда медиа ресурстарды, ошондой эле, алардын негизи болуп саналган этикалык принциптерди жаӊыча түшүнүп кароо үчүн зарыл болуп эсептелет.

Изилдөөдө эксперттер «медианы критикалык көз караш менен олуттуу колдонууга өбөлгө түзө турган чечкиндүүрөөк билим берүүчүлүк демилгелерди» көтөрүп чыгуунун зарылчылыгына басым жасашат жана жарандык сектор, ММК, мамлекеттик органдар жана донор уюмдар үчүн ар түрдүү демилгелерди ишке ашырууну сунушташат. (Изилдөөгө шилтеме)

Медиа сабаттуулукту өркүндөтүүнү жеке, уюмдук жана институционалдык деӊгээлдерде таасир берүү аркылуу комплекстүү кароо зарыл болуп саналат.

  1. Сынактын максаты жана милдеттери:

Сынактын максаты – медиа сабаттуулукту калктын ар түрдүү топтор арасында калыптандыруу, ошондой эле, медиа сабаттуулукту билим берүү процесстери менен айкалыштыруу.

Тармактар:

— калктын ар түрдүү топторунун маалыматка карата критикалык баа берүү көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча демилгелер; аймакты камтыган (өнөктөштүк) долбоорлорго артыкчылык берилет.

— медиа сабаттуулукту билим берүүнүн багыты катары өркүндөтүү, программаларды иштеп чыгууга, эксперттердин тобун даярдоого жана бул тематика боюнча тиешелүү билим берүүчүлүк материалдарды түзүүгө көмөк көрсөтүү.

— ММКнын коомдогу ролу тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, ишеним жана контентти түзүү менен таркатуу учурунда этикалык ченемдерди сактоо.

  1. Сынактын шарттары:

Сынакка өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардан (КБ, КФ, юридикалык жактардын уюму, мекемелер, коомдук кайрымдуулук фонддору) келген долбоордун сунуштары кабыл алынат.

Катышууга коюлган чектөөлөр:

  • Мамлекеттик органдар сунушталып жаткан билим берүүчүлүк долбоордун алкагында потенциалдуу грант алуучу уюмдун өнөктөшү катары гана катыша алышат, бирок, грант алуучу боло алышпайт.
  • Сынакка физикалык жактар катыша алышпайт.
  1. Сынактык долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү: Долбоорду ишке ашыруунун максималдуу мөөнөтү – каржылоо бөлүнгөн учурдан баштап 12 айга чейин.
  2. Гранттык сынактын бюджети: 40 000 АКШ доллары.
  3. Бир гранттын бюджетинин максималдуу суммасы: Бюджети 20 000 АКШ долларынан ашпаган долбоорлорго артыкчылык берилет.
  4. Сунуштарды кабыл алуу критерийлери:
  • Медиа сабаттуулукту өлкө масштабында өркүндөтүүгө таасир бере ала турган тажрыйбаны көрсөтүү, анын ичине кыргыз тилиндеги материалдардын жеткиликтүүлүгү да кирет;
  • Медиа долбоорлор жана долбоордо көрсөтүлгөн максаттуу топтор менен иш алып баруу тажрыйбасы;
  • Абалга сапаттуу баа берүү жана талдоо, тандалып алынган чөйрөдөгү муктаждыктарды баалоо;
  • Долбоорду башкаруу чөйрөсүндөгү тажрыйбаны көрсөтүү;
  • Реалдуу жана кеӊири такталган бюджет;

Өнөктөштүк демилгелердин алкагында өнөктөштөр кызматташтык тууралуу жана демилгени ишке ашырууга даяр экендигин билдирген катты жиберүүлөрү зарыл.

  1. Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо иштери:

Долбоордук сунуштар «Сорос-Кыргызстан» Фондунун гранттык сунуштарынын формасына ылайык түзүлүшү зарыл, ошондой эле, басылып чыгарылган жана электрондук түрдө жиберилиши керек.

Сынакка катышууну каалоочулар долбоордук сунушту бекитилген конвертте «Кыргызстанда медиа сабаттуулукту өркүндөтүү боюнча демилгелер» деген билдирүү менен 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55-а, «Сорос — Кыргызстан» Фонду дарегине жиберүүлөрү керек. Ошондой эле, долбоордук сунуштун  электрондук түрдө толтурулган версиясын applications@soros.kg электрондук дарегине, көчүрмөлөрүн tina@soros.kg жана chyngyz@soros.kg даректерине да жиберүү зарыл.

  • Сунуштар кыргыз жана орус тилдеринде, дем алыш жана майрам күндөрүнөн сырткары, ар күн сайын саат 9.00дөн 17.00гө чейин 2018-жылы 25-апрелге чейин (кошо кирет) кабыл алынат. Сунуштарды кабыл алуунун акыркы күнү, 25-апрелде, сунуштар саат 15.00гө чейин гана кабыл алынат.
  • Аймактан жибериле турган долбоордук сунуштар «Сорос-Кыргызстан» Фондунун кеӊсесине көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбестен жеткирилиши үчүн жазуу түрүндө курьер аркылуу же почта аркылуу алдын-ала, эрте жиберилиши керек.
  • Сунуш берүү учурунда кайрылуучунун салыктарды төлөө боюнча карыздары болбошу керек.

Толукталбаган документтер, «Сорос — Кыргызстан» Фондунун форматы боюнча толтурулбаган, ошондой эле, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч жиберилген сунуштар каттоого алынбайт жана каралбайт.

Кароого алынган сунуштар рецензияланбайт жана кайра кайтарылып берилбейт.

Гранттык сунуштун формасын жана кайрылууну жазуу боюнча сунуштарды www.soros.kg сайтынан жүктөп алууга болот.

Байланышуучу адам (аты-жөнү, телефону): Тынымгүл Эшиева, тел.: 0 312 66 34 75 (ички номер 116).