«Сорос-Кыргызстан» Фонду «Ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүү» гранттык сынагын жарыялайт.

Бул сынактын максаты: катардагы колдонуучулардын, окуу китептердин авторлордун, мугалимдердин жана башка активисттердин ачык билим берүү ресурстарын (АББР) түзүү, көнүктүрүү жана жайылтууга катышуусун илгерилетүү аркылуу кыргыз тилиндеги АББРынын сапатын жана санын жогорулатуу.

Сынак алкагында төмөнкү иш-чараларга багытталган долбоорлор колдоого алынат:

  • АББРын иштеп чыгуу, адаптациялоо, башка тилдердеги АББРын кыргыз тилине которуу, же башка санариптик түрлөргө өткөзүү;
  • АББРын өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөк көрсөткөн маалыматтык технологияларын иштеп чыгуу;
  • жергиликтүү АББРын иштеп чыгуучу авторлорду же автордук топторду колдоо, жана натыйжада иштеп чыккан АББРын ачык лицензиялар менен lib.kg АББРынын репозиторийине жайыштырууга көмөк көрсөтүү;
  • АББРын иштеп чыгууга багытталаган, мекемелердинин жана жазуучу топтор ортосундагы өз ара кызматташууларын стимулдаштыруу жана көмөк көрсөтүү.

Тандоо критерийлери:

  • долбоордун негизинде иштелип чыккан АББРынын жалпы саны;
  • АББРын өнүктүрүү, колдонуучулар арасында жайылтуу, алдыга жылдыруу боюнча процесстеринин бүтүндүгү,
  • кызыкдар колдонуучулар жана өнөктөштөрдүн көптүгү жана кызыкчылыгы;
  • долбоордун аталган убакытта толугу менен ишке ашуу мүмкүнчүлүгү;
  • сунуш кылынган иш-аракеттеринин чыгармачылык жана инновациялык жаңылыгы.

Сынакка бейөкмөт (коомдук фонд, коомдук бирикме) жана билим берүү мекемелер гана катыша алат. Долбоорлорду ишке ашыруу мезгили 1 жылдан узак эмес жана долбоордун бюджети 20 000 АКШ доллардан ашпаш керек.

Долбоорго катышуу үчүн атайын “Долбоор концепциясын” бул шилтемеден жүктөп алып, ал форманы толтуруп (бюджети менен бирге) ушул жылдын 19-февралына чейин altynai@soros.kg электрондук почтасына каттын темасын «Ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүү» деп жазып жөнөтүү керек.

Маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор менен Алтынай Байбачаева, СКФнун Маалымат Программасынын координаторуна кайрылсаңыздар болот: (312) 663475 кошумча номур-149.