Кыргызстанда залалдуу шишикке каршы кыймыл Бишкекте 4-февралда республиканын шишик оорулары боюнча кызматтын абалына жумушчу жыйын уюштурду. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк залалдуу шишик күнүнө арналган фото көргөзмө менен башталды. Андан ары бул жааттагы эскперттер убактылуу жардам берүү, аялдардын жатын моюнчасын эрте диагностикалоо жана эмчек безин дарылоо жөнүндө баяндамалары менен чыгып сүйлөштү.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын директору Айбек Мукамбетов Кыргыз Республикасында убактылуу жардам берүү программасын өнүктрүү обзору менен чыгып сүйлөдү. Убактылуу жардам берүү – өмүргө коркунучтуу оору менен байланышкан көйгөйлөргө кабалышкан бейтаптардын (балдар жана чоӊдор) жана алардын үй бүлөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эрте аныктоо, кылдат баалоо жана ооруларды жана башка дене симптомдорун дарылоонун эсебинен бейтаптардын азап тартуусун токтотуу жана жана жеӊилдетүү жолу менен мүмкүндүк берүүчү мамиле. «Сорос-Кыргызстан» Фонду 2010-жылдан тартып убактылуу жардам берүүнү өнүктүрүү менен иштейт.

Жумушчу жыйында калкка шишик ооруларга жардам көрсөтүүдө кечиктирбестен чечүүнү талап кылган өтө зарыл маселелер талкууланды, анткени залалдуу шишик дартын биздин өлкөдө өкүм катары кабыл алуу уланып келет. Кыргызстанда 2019-жылы биринчи жолу 5 609 бейтап залалдуу шишик дарты аныкталып каттоого алынган жана 3 678 адам оорунун өтүшүү кесепетинен кайтыш болгон.

Азыркы убакта Улуттук онкологиялык борбору тарабынан жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин катышуусунда маанилүү документ даярдалган – Кыргызстанда залалдуу шишиктерди контролдоо боюнча программа Өкмөт тарабынан кароону жана жактырууну күтүүдө. Программага шишик ооруларына жардам берүү сапатын олуттуу өзгөртө ала турган базалык медициналык кызматтар жана ресурстар киргизилген. Программа төмөнкүлөргө багытталган:

аялдарда жайылган залалдуу шишиктин түрлөрүн эрте аныктоо;

бейтаптарга убактылуу (оору белгилерин жок кылуу) жардам көрсөтүү;

залалдуу шишикке каршы өмүр үчүн маанилүү дарылар менен камсыз кылуу.

Залалдуу шишикти контролдоо жана каржылоо программасын андан ары жактыруу – бул жалпы бейтаптардын жана коомдун күтүүлөрүнө карай алгачкы кадам.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасы боюнча өлүмдүүлүк түзүмүндө биринчи орунда эмчек безинин залалдуу шишиги (10,1 %000), экинчи орунда – ичеги карындын залалдуу шигиги (9,1 %000), үчүнчү орунда – жатындын моюнчасынын залалдуу шишиги (7,0 %000) жана төртүнчү орунда – өпкөнүн залалдуу шишиги (6,6%000). Республика боюнча бир жылдык өлүмдүн – 53,6% түздү, Бишкек ш. боюнча – 22,2%. Эӊ жогорку көрсөткүч Ош ш. – 68,7%, Жалал-Абад – 68,4%, Нарын – 63,1% жана Талас (60,0%) областтарында.

Бул залалдуу шишик дартын эрте аныктоонун жоктугу менен байланыштуу. Залалдуу шишик дартын аныктоо алгачкы саламаттык сактоо звеносунан (ҮДТ) көз каранды. Залалдуу шишик дартын эрте аныктоо оорулууну зазалдуу шишик дартынын алдында тереӊдетип медициналык текшерүүдөн өткөрүү, алардын ичинен жогорку тобокелдик топторун түзүү менен жетүүгө мүмкүн. Тандалма изилдөөдөн өткөрүү зарыл.

Булак: Улуттук онкология жана гематология борборунун эпидемиология жана залалдуу жаӊы шишиктердин алдын алуу бөлүмүнүн 2019-жыл үчүн Кыргыз Республикасында онкологиялык кызматтын абалы жөнүндө отчету.