«Сорос-Кыргызстан» Фонду башка редакциялар, медиа уюмдары жана продакшн-компаниялар менен өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга даяр Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды колдоого гранттык конкурс өткөрөт.

Долбоор демократиялык процесстерге катышуу үчүн жарандарды маалымдоого, тартууга ЖМКнын маанилүү ролун таанууга жана түшүнүүгө негизделген медиаконтенттерди илгерилетүүгө жана жайылтууга багытталган.

Программа көз карандысыз редакциялык саясаты жана кыргыз тилдүү аудиториясын кеңири камтыган редакциялар менен кызматташууга эсептелген.

Максаты: алардын аудиториясын кеңейтүүгө, маалыматтарды берүүдө жаңы мамилелерди пайдаланууга жана редакциянын туруктуулугу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган демилгелерди колдоо аркылуу көз карандысыз ЖМКларды бекемдөө.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ЖМКлардын күн тартибине түшпөгөн, коомдук-маанилүү окуяларды, коррупцияны, адам укугу маселелерин калыс, анык жана адептүү чагылдырган долбоорлор колдоого алынат.

Тандоо критерийлери:

  • Көз карандысыз редакциялык саясат;
  • Иликтөө долбоорлорун ишке ашыруу тажрыйбалары жана материалдарды жарыялоо даталары;
  • Кыргыз тилдүү аудитория менен иштөө тажрыйбалары;
  • Регионалдык көйгөйлөрдү чагылдыруу тажрыйбалары;
  • Аудиторияны өстүрүү жана өз ара иштешүү мүмкүнчүлүктөрү. Редакция долбоорду ишке ашыруу үчүн ресурстар жана контентти жайылтуу боюнча так коммуникациялык стратегияга ээ;
  • Редакция материал өндүрүү үчүн ар түрдүү форматты жана технологияны пайдалануу ыкмасы (мультимедиалуулук);
  • Долбоордун мындан ары туруктуулугун камсыздоо стратегиянын болушу;
  • Өнөктөш уюм менен кызматташууну кепилдеген башка макулдашуунун жана меморандумдун болушу;
  • Долбоордун суммасынан 20%дан аз эмес милдеттүү жеке салым;
  • Реалдуу жана толук бюджет;
  • Мониторингдин жана баалоонун системасынын болушу.

Конкурстун шарттары:

Конкурска өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардан долбоордук сунуштар кабыл алынат (КБ, КФ, ЮЖК).

Конкурстун долбоорлорун ишке ашыруу мөөнөтү: Долбоорду ишке ашыруунун максималдуу мөөнөтү – финансылоону берген учурдан тартып 12 ай. Программанын башталышы – 2021-жылдын 1-майы.

Гранттык конкурстун жалпы бюджети: 60 000 АКШ доллары

Долбоордук өтүнмөнүн максималдуу суммасы 20 000 АКШ долларынан ашпашы керек. Ошону менен бирге административдик чыгымдар суралган финансылоонун 25%ынан жогорулабашы керек.

Керектүү документтер:
1. Юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (электрондук версия).
2. Мамлекеттик салык инспекциясында каттоодо тургандыгы жөнүндө салык төлөөчүнүн каттоо картасынын көчүрмөсү (эгерде «Уюмду юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктө» ИНН көрсөтүлсө, анда каттоо картасынын көчүрмөсүн тиркөөнүн кажети жок) (электрондук версия).
3. Долбоордун менеджеринин жана долбоорунун бухгалтеринин резюмеси (электрондук версия).
4. Арыздын жана бюджеттин кагаз жүзүндөгү версиясы, арыз ээси уюмдун жетекчисинин мөөрү жана колу коюлган СКФка берилет.
5. Өтүнмөнүн электрондук версиясы жана долбоордун бюджети жана жогоруда көрсөтүлгөн документтер кулактандырууда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт.

Долбоордук өтүнмөнү кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:

  • Долбоордук сунуштар СКФнын гранттык өтүнмөлөрүнүн формаларына ылайык түзүлүшү керек жана 2021-жылдын 19-мартына чейин кагаз жана электрондук түрдө берилиши зарыл.
  • Электрондук вариантта applications@soros.kg электрондук дарегине документтердин аталышы менен, бир архивдештирилген файлда өтүнмөгө алгачкы тиркелген өтүнмөнүн, бюджеттин жана документтердин толтурулган электрондук божомолдору жөнөтүлөт.

Кагаз жүзүндөгү божомолунда өтүнмө ээлери 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55А, «Сорос-Кыргызстан» Фонду дареги боюнча «Кыргызстанда көз карандысыз медиаларга өнөктөштүк долбоорлорун колдоо» белгиси менен чапталган конвертте өтүнмөнү жана бюджетти гана жөнөтүү керек.

  • Арыздар 2021-жылдын 19-мартына (кошуп) чейин эс алуу жана майрам күндөрүнөн сырткары, саат 9:00дөн 18:00гө чейин кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат. 19-мартта 15:00гө чейин кабыл алынат.
  • Регионалдык ММКлар долбоордук өтүнмөнүн кагаз жүзүндөгү божомолун курьер менен, же почта аркылуу көрсөтүлгөн мөөнөткө СКФга документтердин пакети менен конверт келип түшкүдөй эртерээк жөнөтүүлөрү керек.
  • Өтүнмө берген күнү өтүнмө ээси болгон уюмдарда салыкты төлөө боюнча карызы жок болушу керек.

Толук эмес толтурулган өтүнмөлөр, СКФнын форматына дал келбеген өтүнмөлөр, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн өтүнмөлөр каттоого кабыл алынбайт жана катталбайт.

Кабыл алынган өтүнмөлөр рецензияланбайт жана катарып берилбейт.

Гранттык өтүнмөнүн формасын жана өтүнмө жазууга сунуштарды сайттан жүктөп алууга болот.

Байланышуучу жак (ФИО): Салима Джетыбаева, salima@soros.kg