Сүрөттүн автору: Татьяна Зеленская Kloop.kg сайтына тарткан.
Орус тилиндеги тексттин автору: Диана Светличная «Сорос-Кыргызстан» Фондуна атайын даярдаган.
Кыргыз тилиндеги көркөм котормонун автору: Олжобай Шакир «Сорос-Кыргызстан» Фондуна атайын даярдаган. 

Кар эрип жылжыйт кыр-кырда,
Салаалап агып ылдыйга.
Ойгонуп шаңдуу теребел
Отон Жер келет кыймылга.

Кыртышка түшкөн үрөндү
Ыргалып көккө дүр өндү.
Айгүлдүн чоктой желбүүрү –
Жулмалап бороон жүдөйбү?

«Аяр бол, Айгүл, зулумдан,
Адам да жырткыч – жулунган».
Бооруна кысып перзентин
Энеси төгөт муңун зар.

Кызынын ырдайт энчисин,
Кыярбай тагдыр келчүсүн.
Кудайдан тилейт батаны
Кырсыктан оолак берчүсүн…

А кызы көзүн ирмебей,
Энесин тиктейт, үндөбөй.
Көздөрү мөлтүр – күнөөсүз
Гүлүнүн бири бүрдөбөй.

Түн басып тоону желедей,
Саратан толо теребел.
Түндүктөн сойлойт боз түтүн,
Бойтойгон кызы кенедей.

Наристе жыты береке,
Энеге жарык көлөкө.
Колдору кичик быртыйган,
Кармата бергис бөлөкө.

Тоо жактан улуйт карышкыр.
«Жырткычты бизден алыс кыл,
Айгүлүм, укта, секетим,
Бөрү жок мында жабышкыр».

Айланган Жер да дөңгөлөк,
Акырын бешик термелет.
Алма бак гүлдөп тигинде,
Айлана жашыл өң берет.

Үй жакка чуркайт алыстан,
Кош өрүм чачы жарышкан.
Күндөлүк толо бештери,
Жаагында курут жабышкан.

«Секетиң болуп кетейин,
Сепкил го мурдуң, нетейин?
Кубатым, аваз, гүлүмсүң,
Кубанчым ачкан чечейим».

Экөө тең бирдей жарышып,
Дасмалды жаңы жайышып,
Аластайт үйдү балээден,
Арчага оттон чагышып.

Күбүлүп айнек калчудай,
Күлүктөр чуркайт чаң чубай.
Туйлатып эне жүрөгүн
Туяктан оттор жанчудай.

«Күлүгүм, менин, күлүгүм,
Күүңдөн жазбай жүгүрүң!»
Кол жайып тартат батасын
Колдо деп Камбар атасын.

«Алсаң ал мени, Кудайым,
Айгүлгө тийбе ылайым!»
Жаагынан жашы куюлат,
Жаш чайып көзү муңайым.

Түш сымал куштун таманы
Сылады, чачын тарады.
Ааламда жоктой жупжумшак;
Алакан экен адагы.

Сабагы ничке жаралган,
Кооз бу гүл – баспас таманга.
Желбүүрү чоктой кыпкызыл,
Ыргалсын айгүл шамалга.

Дайындап бирге камырды,
Дасмалга боорсок жайылды.
Күн нуру үйдө күлмүңдөп,
Күлкүгө шаңдуу чайынды.

Бой жеткен кызы ардагы,
Көздөрү мончок жайдары.
Бак айтсын эстүү теңинен,
Бап келсин пайы, жар-жары.

Корголсун, бороон тийбесин,
Коркпостон гүлдөп, бүрдөсүн.
Саргайып эне кызынан
Санаага батып жүрбөсүн.

Жашарып мезгил кайра да,
Жаз келди, жашыл айлана.
Айгүлдүн толо мүдөөсү,
Ааламга сыйбас – жайнаган.

«Көптү үйрөнөм, окуймун,
Көйнөк-көчөк токуймун.
Үйүбүз пулга курулат,
Көп жакшылык буюрат.

Саякат болот өрнөгүм:
Деңиз да болот көргөнүң!
Апаке, анан билесиң,
Пальмалар кандай өнгөнүн.

Самёлотунда конобуз,
Кораблинде болобуз.
Ааламда чексиз керемет,
Айланып кайра келебиз!

Күмөнсүп карап кызыга,
Күлгөнү эне кызына.
Айгүлү – анын дүйнөсү,
Асыл бир баалуу – дүйнө ушу.

«Теңирге берип ырайым,
Кор болбой өтсүн чырагым.
Теңин таап кызым жашоодо,
Тең-теңин сүйсүн ылайым!»

Жылдыздар нурун жайнатты.
Кутман кеч, демдеп чайнекти:
Каалгадан эне көз албайт,
Кадала тийтеп айнекти.

Жай сокпой жүрөк удулу,
Жай таппай жаны куруду.
Жапыстан учуп жапан куш,
Коңшунун ити улуду.

Телефон түшпөй колунан,
Телефон чалат, жок улам.
Тынымсыз чалып куруду,
Тызылдайт арга жогунан.

Жаман ой курчап алганда,
Жай таппай чуркап дал-далга:
«О каран күн, кызым жок!
О эл-журт, кел, – дейт, – жардамга!»

Сайылып жерге баштары,
Салаңдап кабак-каштары:
Балээни баары билгендей,
Эч бирөө озун ачпады.

Куурагыр эне сыйбады,
Куш сымал тордо туйлады.
Өзүнчө жалгыз бейпайда,
Өксүтүп турду кур жаны.

Чычайып турат милийса,
Чылымдын койбой калдыгын.
«Айгүлдү мага таап берип,
Не десең, балам, алгының!»

Күн чыгып кызыл айлана,
Күн каалгыйт өйдө жай гана.
Көөдөндөн короз үн салат,
Көрүнбөйт Жылдыз, Ай гана.

Милийса барат шашпаган.
Желбүүрүн үзүп таштаган,
А айгүл жатат тепселип,
Таман жок аны баспаган.

«Аяр бол, Айгүл, зулумдан,
Адам да жырткыч – жулунган».
Бешигин улам терметип
Энеси төгөт муңун зар.

Кызынын ырдайт энчисин,
Кыярбай тагдыр келчүсүн.
Кудайдан тилейт батаны
Кырсыктан оолак берчүсүн…

А кызы көзүн ирмебей,
Энесин тиктейт, үндөбөй.
Көздөрү мөлтүр – күнөөсүз
Гүлүнүн бири бүрдөбөй.

Тоо жактан улуйт карышкыр.
«Жырткычты бизден алыс кыл,
Айгүлүм, укта, секетим,
Бөрү жок мында жабышкыр».

Айланган Жер да дөңгөлөк,
Акырын бешик термелет.
Алма бак гүлдөп тигинде,
Айлана жашыл өң берет.

Зордук-зомбулукта тагдыры соолуган кыздарга арналат.

Бурулай, Айзада, Мира, Азиза, Чынара, Нуржамал, Жыргал, Надира, Шайыргүл, Венера, Айчүрөк, Самара, Гүлбарчын, Айнура, Назира, Жазгүл, Мунира, Гүлзина, Айжамал, Бегаим, Жамиля, Замира, Жазгүл, Рахат, Гүлзат, Асель, Каныкей, Аида, Гүлиза, Эльнура, Жылдыз, Алтынай, Жумагүл, Наргиза, Шарипа, Кундуз, Зарина, Анара, Жаркын, Динара, Гүлзат, Элмира, Айсалкын, Базаркан, Нурзат, Кызжибек, Ырыскан, Бурул, Салтанат, Гүлнур, Айсулуу, Жанара, Махабат, Үмүт, Айканыш, Сезим, Бермет, Таттыгүл, Аяна…