«Сорос-Кыргызстан» Фонду Кыргызстанда өнөктөштүк долбоорлорду башка редакциялар, медиауюмдар жана проодакшн-компаниялар менен бирге ишке ашырууга даяр болгон көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүү долбоорлорунун гранттык конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин жарыялайт. Төмөндө долбоорду ишке ашырууга грант алган уюмдардын аталышы жана долбоордун идеяларынын сыпаттамасы берилди.

«Кыргызстанда көз карандысыз медианы колдоо долбоорлорунун гранттык конкурсу»

Долбоор маалымдоодо ЖМКлардын маанилүү ролун кабыл алууга жана түшүнүүгө негизделген медиаконтентти илгерилетүүгө жана жайылтууга, демократиялык процесстерге катышуу үчүн жарандарды тартууга багытталган.

Конкурстун максаты: аудиторияны кеңейтүүгө максатталган демилгелерди колдоо аркылуу көз карандысыз ЖМКларды бекемдөө, маалыматтарды берүүдө жаңы мамилелерди пайдалануу жана редакциянын туруктуулугу үчүн мүмүкнчүлүктөрдү кеңейтүү.

Келип түшкөн 19 өтүнмүнүн ичинен төмөнкү төрт долбоордук сунуш тандалып алынды:

  1. Али Токтакунов «МедиаХаб» – Кыргызстандын бийлик түзүмүндөгү мүмкүн болуучу коррупциялар жөнүндө иликтөөлөрдүн сериясын чыгаруу.
    Долбоордун сыпаттамасы: Кыргызстандын мамлекеттик институттарынын бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө мүмкүн болуучу коррупциялык фаткыларды ачыктоо.
  2. «Т.Турсуналиева атындагы Ынтымак медиа мектеби» КБ – Долбоордун аталышы «Жарандык көзөмөл».
    Долбоордун сыпаттамасы: T-Media ресуртарында чечимдерди кабыл алуу процессинин катышуучуларын кеңейтүүнү жана региондун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө тарууну шарттаган коомдук-маанилүү контентти өндүрүү аркылуу көз карандысыз медиалардын потенциалын күчөтүү.
  3. «Телевизиондук Академия» мекемеси – Долбоордун аталышы «Белгисиз Кыргызстан».
    Долбоордун сыпаттамасы: журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларды илгерилетүү жолу менен бийликтин чоң жоопкерчилигин жана отчеттуулугун камсыз кылуу үчүн коомдун контролдук иш-милдеттерин күчөтүүгө көмөктөшүү.
  4. «Журналисттик иликтөөлөр бюросу» («Политклиника» басылмасы) КФ – Долбоордун аталышы «Журналисттик иликтөө – коррупция менен күрөшүү».
    Долбоордун сыпаттамасы: кыргыз тилдүү ЖМКларда журналисттик иликтөөлөрдү жана дата-журналисттерди өнүктүрүү, аларды ишке ашыруу аркылуу коррупция менен күрөшүү.