16-июлдан 19-июлга чейин Ош шаарында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын ишкерлери «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун колдоосу менен «Айылдык Табышкер» долбоорунун алкагында бизнес-курстардан өтүштү. Атайын чакырылган жети бизнес-эксперт катышуучуларга билим жана тажрыйба менен бөлүштү. Үч аймактын ишкерлери өз бизнесин алдыга жылдырууну жана интернет тармакта акылдуу сатууну үйрөнүштү.

Тактап айтканда, студенттер маркетинг анализди, изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана санариптик чөйрөдө өнүмдөрдү таңгактоону жана жарнамалоону үйрөнүштү. Тренингдин жүрүшүндө социалдык тармактарда маалыматтарды жайылтууга, анын ичинде Instagram, Facebook жана башка социалдык тармактардагы баракчалар үчүн фото жана видео контентти түзүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Программанын катышуучуларынын бири Калысова Гүлзара окуудан кийинки пикири менен бөлүштү, — «Бул курстардын аркасы менен мен алдыга максат жана милдеттерди туура коюуну үйрөндүм. Мен приоритеттерди коюп, бизнес кайсы багытта жүрүп жаткандыгын так көрүп, социалдык тармактарда натыйжалуу жарнамалоону үйрөндүм. Эми алган билимимди колдонуп, интернет аркылуу бизнесимди кеңейтүүнүн үстүндө иштейм.»

Курстарды аяктагандан кийин, программанын бүтүрүүчүлөрү мугалимдердин насаатчылык жардамына ээ болушат жана келечекте онлайн семинарларда катыша алышат.

«Айылдык Табышкер» долбоору аймактардагы ишкерлерге интернет мейкиндигиндеги жаңы рынок шарттарына үйрөтүү жана адаптациялоо, ошондой эле бизнести илгерилетүү үчүн жана ачык маалыматтар менен иштөө үчүн атайын иштелип чыккан. Билим берүү программасынын биринчи этабы 2021-жылдын июнь айында Кыргызстандын түндүк аймактарынан келген кырк ишкерлер үчүн бизнес процесстерге, дизайн жана SMMге арналган сабактар өткөрүлдү.

«Айылдык Табышкер» долбоору «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Көчмөн Nomad» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.