22 -сентябрда «Сорос -Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен Бишкекте Кыргызстандагы бейтаптар коомчулугунун биринчи «Келечек алдын алуу жана артыкчылыктуу бюджеттерге таандык» аттуу конгресси өттү. Иш -чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Экономика жана финансы министрлигинин, Улуттук борборлордун жана медициналык мекемелердин жетекчилери, Акыйкатчы институтунун, эл аралык жана коомдук уюмдардын, жарандык коомдун жана бейтаптардын өкүлдөрү катышты.

Өткөн жолугушуу бейтаптардын укуктарын коргоого, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө, саламаттыкты сактоо секторунда коомдук көзөмөлдүн эффективдүү механизмин иштеп чыгууга жана эң негизгиси, пациентке багытталган саламаттыкты сактоо тутумунун темасына арналган. Бейтаптар коомчулуктарынын биримдиги бул идеяларды чечим кабыл алуучу адамдарга жайылтуу үчүн платформа катары иштөө ниети жөнүндө билдиришти.

“Кыргызстандагы бейтаптар коомчулуктарынын биримдиги” “Ракка каршы бирге” коомдук фондунун демилгеси менен түзүлгөн жана ошондой эле төмөнкү тизмеленген жамааттарды бириктирет: «Рак менен ооруган аялдардын – Курдаш» жамааты, «Диабетсиз балдар» коомдук фонду, «Кант диабети менен ооругандардын» коомчулугу, «Гемодиализ менен ооругандар» коомчулугу, «Гемофилия Коому», «Гепатитке жол жок» КФ, «Жашоого үмүт» КФ, ошондой эле склероз менен ооруган бейтаптардын коомчулугу.

Биримдиктин негизги максаты — мамлекеттик органдар менен өз ара байланыш түзүү аркылуу Кыргызстандын жарандарына медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Биримдик саламаттык сактоо системасын каржылоону жана алдын алуу чараларын биринчи орунга коёт.