705 чыгармачыл тобу, МИКСТУРА арт-фестивалынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «10 жазылбаган пьеса» спектаклин тартуулайт. Эгер кадимки салттуу спектаклдер менен салыштырсак, боло турган көрсөтүүнүн форматы көрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камтышы, болуп жаткан окуяларга сүңгүп кирип, актёрлор менен оюнда болуу эффектин жаратуу менен айрымаланат.

Спектаклдин формасы чиймелердин, эмоционалдык образдардын, театралдык пьесалардын жана архивдик материалдардын синтезин камтыйт. Айтылган образдар уюштуруучулар тарабынан диапроектордун (совет мезгилинде диафильмдерди көрүү үчүн популярдуу болгон диапроектор) жардамы менен көрсөтүлөт. Андан тышкары спектакль чектелген мейкиндикке чөмүлүүнү камтып, пьесалардын архиви талдоого алынат, ошондой эле бул пьесалардын баяны Кыргызстандын азыркы тарыхын да камтыйт. Анын ичинде трагедия, комедия, фарс жана абсурддуктун ноталары болжолдонот.

Бул топ өз спектаклдеринде Борбордук Азияда өнүккөн заманбап искусство менен театрдын тактикасын жана ыкмаларын айкалыштырат. Театр альтернативдик сүрөтчүлөргө өз жашоосу жөнүндө айтууга, адилетсиздик менен макул эместигин билдирүүгө, үмүттөрүн көрсөтүүгө жана жеке тажрыйбасы менен күрөшүүгө жардам берет.

Долбоордун авторлорунун айтымында, 2014-жылы чыгармачыл пикирдештер тобу өздөрүнүн театралдык сахнасын түзүп, тигүү цехи үчүн жабдылган жертөлөнү ижарага алып, аны көргөзмөлөр, эксперименталдык оюн-зоок жана сүрөтчүлөрдүн жолугушуулары өтүүчү жайга айландырышкан.

Бүгүнкү күндө театрдын башкы уникалдуулугу бул өзгөчө «сахнасы» болуп саналат. Анын жардамы менен аткаруучулар окуяны туура физикалык мейкиндикке (тар коридор, гараж, көчө фонтаны ж.б.) жайгаштырышат. Мындай көрүнүш аткаруучуларга чыныгы жашоону чагылдырууга жана көрүүчүлөр менен баарлашууга да мүмкүндүк берет.

###

Даталары: 27 жана 28-ноябрь, 11 жана 12-декабрь
Дарек: Цех 705, Бөкөнбаева 149, көч. (кире бериш Исанов көчөсүнөн).
Кирүү акысыз. — 0771783026 (Дарина) телефону боюнча алдын ала катталуу.
Орундардын саны чектелген.

Өнүктүрүү: Малика Умарова, Чагалдак Замирбеков, Дарина Капарова, Марат Р.
Идея автору, аткаруучу: Малика Умарова