Өлкөнүн баардык аймактарынан тандалып алынган 300 катышуучу Форумдун классикалык ишкердик жана электрондук коммерция боюнча эки бөлүгүнө катышат. Форум кызыкдар тараптарга, тагыраак айтканда, аймактык бизнес ээлери жана стартаптар арасында санариптик ишкердикти жайылтууга багытталган. Форумду “Баштан Башта” жарандык кыймылы “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен уюштурду.

Форум бизнести башкарууга, продукцияны өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жайылтууга, заманбап реалдуулукта креативдүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Баяндамачылар жана тиешелүү тармактагы эксперттер борбор калаадагы жана аймактардагы ишкердиктин учурдагы абалы менен тааныштырып, продукцияны онлайн илгерилетүү боюнча креативдүү чечимдерди сунушташат, ошондой эле эмне үчүн жергиликтүү ишкерлерди колдоо керектигин айтып беришет. Сиз креативдүү индустриянын артыкчылыктары, IT экосистемаларын түзүүнүн маанилүүлүгү жана санариптик коммерцияны өнүктүрүү перспективалары жөнүндө биле аласыз.

Ар кайсы тармактагы 12 профессионал баяндамачы болот, алар эксперттик коомчулук менен эки панелдик талкуу дагы өткөрүп, анын алкагында Кыргызстандагы өнөр жайды өнүктүрүүнүн кыйынчылыктарын жана жолдорун талкуулашат.

“Электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселеси курч. Өзгөчө бул пандемия учурунда байкалып калды, биз камалып жаткандай көрүндүк, бирок ошол эле учурда биз бүт дүйнө менен иштөө үчүн эшиктерди ачтык. Биз ар дайым аймактардагы ишкерлерди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо жана бүгүнкү күндүн реалдуулугуна жооп берген инновациялык ыкмаларды киргизүүнү колдоого даярбыз», деди “Сорос-Кыргызстан” Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов. 

Форум быйыл «Баштан Башта» кыймылы тарабынан ишке ашырылган «Айылдык Табышкер» долбоорунун логикалык корутундусу болду. Долбоор өлкөнүн бардык аймактарынан келген 80ге жакын катышуучуларына онлайн сатуу ыкмаларын үйрөтүүгө жетишти. Форумдун алкагында ошондой эле төмөнкү номинациялар боюнча өзгөчөлөнгөн ишкерлерге сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт: «Жылдын инвестициясы», «Жылдын ачылышы», «Жылдын IT-экспорттеру», «Жылдын стартапы», «Жылдын IT-ишкери» , “Айылдык Табышкер” долбоорунун мыкты бүтүрүүчүсү.

“Пандемия учурунда бизге бардык ишкерлер үчүн рыноктун жаңы шарттарына көнүү оңой эместиги байкалды. Ошондуктан биз күч-аракетибизди өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлерди жаңы ыкмаларга окутууга, тактап айтканда, онлайн сатууга үйрөтүүгө жумшадык. Долбоор аяктаган, бирок бүгүн биз долбоордун жыйынтыгын кеңейтилген Форумда чыгарып жатканыбызга кубанычтабыз”, — деди “Баштан Башта” кыймылынын лидери Улан Үсөйүн.

Форум 4-декабрда Novotel мейманканасында өтөт. Башталышы 9:00.  

Байланыш үчүн: PR-менеджер

Кабылбек кызы Зина  Тел: 0550117784